Бала бакчанын короосунан чыккан жыландар коркунуч жаратпайт

17-май күнү Ленин районунун Киргизия айылындагы бала бакчанын короосунан жыландар чыкканы айтылган. Бул боюнча жооп кылган Улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун директорунун милдетин аткаруучуБекмамат Жээнбаев: «Биздин мекеменин адистери бала бакчага барып келишти. Кооптонууга негиз жок. Адамдардын аң сезиминде жылан дегенде коркуу сезими пайда болот. Бакчанын жетекчилиги балдарга зыяны тийбесин деп бизге билдирүү жиберишкен. Ал жыландар ошол аймакта туруктуу байырлайбы белгисиз. Ошол эле учурда бул жыландар уусу жок, кадимки сары жыландар экен», — деп билдирди .

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *