14-февралга карата аба ырайы

14-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкөнүн бүт аймагында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…13 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 2…4 градус болот.