Лифтин шахтасына эки адам кулап, бирөө каза тапты

Борбор калаада курулуп жаткан соода борборунун бириндеги лифттин шахтасына кулап кеткен эки кишинин бири ошол жерде жан берди. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-февраль күнү түш ченде Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн кесилишинде болгон. Эки жумушчу монтаждоо иштерин жасап жатып, лифттин шахтасына кулап түшкөн. Кырсыкка көпүрө катары коюлган жабдуулардын туура эмес орнотулушу себеп болгон, иштеп жаткан учурда алар үзүлүп кеткен.