Кара-Сууда тамакка ууланып 17 адам ооруканага түштү

Ош облусунун Кара-Суу аймактык ооруканасына тамакка ууланган 17 адам кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 12-февралда ооруканага 7 адам, 13-февралда 10 адам түшкөн. Бүгүнкү күндө үч чоң адамдын абалы оор болгондуктан реанимация бөлүмүндө жатышат. Дагы үчөөнүн абалы орточо деп бааланса, төрт адам өзүн жакшы сезип калды. Ал эми беш баланын абалы өтө оор. Экөө реанимацияда жатса, үчөө Ош облустук балдар инфекциялык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө которулду. Дагы эки баланын абалы орто деп бааланууда.

Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандардын бардыгы колго жасалган консерваларды, өрүк ширесин, приправа, базардан алынган манты жана М.К. аттуу тууганы жасаган ашты жешкен.

Санитардык дарыгерлер аш баскан жарандын үйүндөгү колго даярдалган консерваларды текшерүү үчүн алып кетишкен.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *