Жан дүйнөбүздүн майдаланып бараткандыгын даңазалоонун кимге кереги бар? Же пластикалык, киноискусстволорундагы чүргөмөлөр жөнүндө

Биз,  кыргыздар, улуттук чыгаандарыбызга кыянаттык кылуу жагынан дүйнөдөгү бир да элди алдыбызга салбайт окшойбуз. Же бизде мамлекеттигибиздин, маданиятыбыздын жана адабиятыбыздын мыкты өкүлдөрүн басмырлап, алардын элестерин, инсандык сапаттарын теңирден тескерисинче интерпретациялап, элге, өзгөчө сырттан келгендерге мажирөө, бечара, Кемчонтойдой бир неме кылып көрсөтүп турууну максат кылып койгон тымызын күчтөр барбы, же “куру капты канча силксең деле эч нерсе чыкпайт” дегендей, ариет, ар­намыстан, уят­сыйыттан эч нерсе калбай, интеллектуалдык деңгээлибиз да эң төмөнкү чегине жакындап калганбы, айтор, акыркы жылдардагы чыгаан инсандарыбызды пластикалык искусство аркылуу даңазалоо боюнча аткарылган иштер ушундай кейиштүү жыйынтык чыгарганга гана аргасыз кылууда. Бул ойду төмөнүрөктө конкреттүү фактылар аркылуу кененирек чечмелейбиз, андан мурда өзүбүзгө чоң таасир калтырган бир нерсеге окурмандардын көңүлдөрүн бургубуз келет.

Дүйшөмбү  шаарындагы  “Душанбе” конок  үйүнүн  алдындагы  аянтчада тажик, өзбек адабияттарынын классиги Садриддин  Айниге  тургузулган  эстелик  бар. Анын автору, архитектору ким экендигин билбеймин, ал анча деле маанилүү эмес, бирок  эстеликти  бир  караганыңда эле  маңдайында  жарыкчылыктагы   мээнет-түйшүктөрдүн    көбүн жон терисинен өткөрүп, түбөлүктүү ойлордон  башы  арылбай,  дайы-ма элдин көйгөйлөрү менен жашап келаткан ойчул тургандыгын көрөсүң. Анын айланасындагы композицияларга  көз  чаптырганыңда;

оор нерсени көтөрө албай, далысы жаадай ийиле азап тарткандан – “Кул-дар” романынын кейипкерлери, куучуйган кебетесинен ачкөздүк, алдамчылык даа-на көрүнгөндөн – “Сүткордун өлүмү” по-вестинин, ар кандай кийинишип, сырткы турпаттары гана эмес, ички дүйнөлөрү да ар жактарды караган жаштардан авто-биографиялык – “Бухара” чыгармасынын кейипкерлери, д.у.с. дароо эсиңе келет. Эмнегедир эстелик, анын айланасындагы композиция өзүнө тартып, улам айланып карай бергиң келет. Анткени, скульпту-ралык ансамблден автордун чыгармала-рын окугандай болосуң…

Мен Бишкектеги советтик мезгилде тургузулгандар тууралуу эч нерсе дегим келбейт,  бирок  тилекке  каршы,  көз  карандысыздыктан кийин орнотулган эстеликтерден бир караганда адамды өзүнө тартып алып, ал инсандын ким экендигин агынан жаргандай ачып көрсөтүп, оюңда ар кандай ассоциацияларды жаратканы жокко эсе. Менимче, акыркылардан Ормон ханга, медакадемиянын алдындагы И.Ахунбаевге тургузулган  эстелик  гана  аздыр-көптүр ийгиликтүү чыкты, өз максаттарына жетти. Ал эми калгандары тарыхий, маданий инсандарыбыздын  ким  экендиктерин  ачып  берип,  аларды  башкаларга  даңазалоо  үчүн эмес, “элден калбайлы, ушуга эстелик тургузуш керек экен, эптеп тургузуп коёлу” деген максатта  эле  орнотулуп  жаткандай.  Сөздү көбөйтпөй конкреттүү мисалдарга токтололу.

Чыңгыз Айтматов улуу жазуучу гана эмес, жалпы  адамзаттык  баалуулуктардын  негизинде кеңири масштабда ой жүгүрткөн чыгаан ойчул, кырк жылдан ашык бийлик бутактарында жүргөн чоң мамлекеттик, дүйнөлүк деңгээлдеги коомдук ишмер, төрт-беш барактык  материалдарга  ат  көтөргүс  ойлорду,  маани-мазмунду  батыра  да,  аларды стилдик,  эмоционалдык,  илософиялык ж.б.  жактарынан  ийине  жеткире  синтездештирип  чыйралта  билген   кайталангыс пуб лицист катарында дүйнөлүк ой казынасына  кирип  калды.  Анын  улуттук  руханий дөөлөттөрдөгү орду да, салмагы да “Манас-тай” десек эч кандай апырткандык болбойт. Ал  эми  улуу  сүрөткердин  Ала-Тоо  аянтынын маңдайындагы Киев көчөсүндөгү, мурда “агропром” деп салмактуу аталса, азыр ар кабатына эки-үчтөн мекеме жайгашып, мини базарга окшоп бараткан комплекстин   алдындагы  эстелигин  көргөн  сайын ичиң  толбой,  кыжалат  боло  түшөсүң.  Анткени,  Айтматов  биздин  эсибизде  дайыма көркөм чыгармаларында, публицистикаларында, эпистолярдык мурастарында адамзаттын  түбөлүктүү   маселелерин  көтөрүп, кеңири философиялык алкактан карап, ошол деңгээлде чечкен, дайыма кеңири масштабда ой жүгүрткөн сүрөткер-философ, ойчул-саясатчы жана социолог, чоң мамлекеттик жана коомдук ишмер катарында эсибизде калса, ал жерде жаш акындардын бирине окшоп, күрмөсүн ийнине арта салган таптакыр бейтааныш Айтматов турат.Биринчиден,  Ч.Айтматовдун   антип күрмөсүн ийнинен ашыра таштай элтеңдеп жүргөнүн жакындары деле көрүшпөптүр, андай кесирленме сапат анын табиятында бол-богон экен, экинчиден, анын бет түзүлүшү эле ага азырак окшошпосо калган жагынан дүйнөлүк деңгээлдеги сүрөткердин, философ ойчулдун изи да байкалбайт. Ал эстелик сабагынан  шашып  чыга  калган  аспирантты же бир жаш окутуучуну гана эске салат.

Мындай  сын  пикирлерди  айткандарга эстеликтин  авторлорунун:  “биз  анда  Айтматовдун  күчкө  толуп  турган  жаш  кезин көрсөткүбүз  келген”  дегендей  жоопторунда ар жерлерден уга, окуй коюп жүрөбүз. Билишибизче, эстеликтин авторлоруна “силер жазуучунун жаш же карт кезин алгыла” дегендей  эч  ким  тапшырма  берген  эмес, Айтматовдун дүйнөгө белгилүү болгон образын көрсөткүлө деген гана тапшырык болгон. Алар изденип, варианттардын эскиздерин  жаратып,  баш  оорутуп  отурушпастан скульпторлордун биринин өнөрканасында чаң басып жаткан бир эстеликтин тулкусун алып, ага улуу жазуучунун башын жабыштыра коюшуп: “мына силер күткөн Айтматов” деп  бере  коюшкан.  Алардын  логикасына ылайык,  бешикте  шимегин  соройтуп,  упчу соруп жаткан бир баланын айкелин сомдой коюп, “биз Айтматовдун наристе кезиндегисин алдык” десе боло берет экен. Нигилисттик,  маразмдык  жоруктардын да  чеги  болуш  керек.  Эстелик  деген  өмүр баянды  камтыган  китеп  же  документалдуу кинотасма эмес, ал жерде ипостась же анын  бир  бөлүгү  эмес,  кейипкердин   элдин эсине сиңип калган типтүү образы гана  алынышы  зарыл.  Тилекке  каршы,  эстеликти кабыл алып, орноткону жатканда “биз силерден  жаштыгын  же  карылыгын   эмес, дүйнө  билген  Айтматовдун  айкелин   жа-ратууну  гана  суранганбыз.  Халтураңарды кайра өзүңөр алгыла” деген эч ким болгон эмес.  Андай  көркөмдүк  сын-ченем,  талап болбогондуктан бизге бейтааныш Айтматов беш-алты жылдан бери борбордук аянттын маңдайында турат. Жок дегенде “Айтматов жаш  кезинде  ушул  жерде  окуду  эле”  деп аны  Агроакадемиянын  жанына  жылдырып коюшпады.

Монголдор  Чынгыз  ханга  200  гектардан ашык жерди бөлүп, бийиктиги 50 метрлик эстеликти тургузушту. Ага дат баскыс болоттон  эле  250  тонна  жумшалыптыр. Түркмөндөрдүн тарыхий, маданий ишмерлерине арнап тургузган эстеликтеринин ар-хитектуралык, пластикалык жактан чечилүүсү таң калтырат. Сүрөттөрүн карап эле отура бергиң  келет.  Анткени,  ал  эстеликтерден улуттун океандын деминдей чексиз күчү, рухунун көк асмандай бийиктиги, авторлорунун ар деталын чексиз сүйүү, берилүү, ошол эле мезгилде урмат менен жасагандыгы сезилип турат. Ал эми бизде “Манастын” 1000 жылдыгына арналып Бишкекте курулган Манас айылы тарыхий-этнографиялык комплекси тозуп, бузулуп жок болгону калды. Улуттук филармониянын алдында атчан бир эстелиги турса, Манастын ошого эле окшошкон эстелигин борбордук аянттагы тарых музейинин алдына алып келип орноттук. Андан көрө аны шаарга кире бериш жерлердин бирине (мис. Ю.Фучик  менен  Ден  Сяо  Пин  көчөлөрүнүн кесилишине же “Манас” аэропортунан чыга беришке) орнотушса туура болмок. Анткени, шаардагы  аралыгы  1  чакырымга  жетпеген эки  аянтта  тең  Манастын  окшош  эстеликтери турганы жарашпайт, орусча айтканда, перебор.  Манасты  ошончолук  эле  жакшы көрсөк, эмне үчүн бизден төрт эсе аз монголдордой шаардын эң көрүнүктүү жерине эстелик-гигант комплексин орното албай, мурдагыларды тираждаштыруу менен гана чектелип келе жатабыз?

Эмнегедир акыркы жылдарда тургузулган  эстеликтердин  дээрлик  бардыгы  эле көзгө  толумсуз,  мажирөө   болуп  калууда. Ал  мурдагы  Премьер-министрлерге,  бир катар  маданий  ишмерлерге,  анын  ичинде  С.Чокморовго  тургузулган  эстеликке  да  мүнөздүү  болуп  саналат.  Алардын көбүрөөк жылдарга сакталып, көрүүчүлөргө тереңирек таасир калтыруусу түгүл, катуурак  шамалга  деле  туруштук  берүүсүнө ишенүү кыйын. Андай көрүнүштөрдүн баары тийиштүү маданий, архитектуралык, чыгармачыл уюмдардын, мамлекеттик органдардын өз милдеттерине жүр-нары мамиле жасашкандарынан  улам   болууда.  Кээде бизде  борбор  калаанын  архитектуралык, эстетикалык   облиги,  ансамбли  тууралуу ойлогон, келечектүү иш алып барган эч ким жоктой  сыяктанат.  Андай  талап  болсо,  ар фонд өзү сомдогон эрбейген эстеликти ар кара жыгачтын түбүнө алып барып орното беришмек эмес.

Мен, маселен, Тоголок Молдо атындагы паркка эмне үчүн Осмонкул Бөлөбалаев менен  Арстанбек  Буйлаш  уулуна  ар  кимиси  ар  жакты  караган  эстеликтери  орнотулуп  калгандыгын   түшүнбөйм.  Мурда  ал жерге  Тоголок  Молдого  арналып  граниттен  эстелик  тургузулуп,   паркка  анын  ысмы коюлган, ал коомдук аң сезимге биротоло сиңип калган. Кичинекей сейил бакка бир эстелик деле жетишмек, бирок акыркы жылдарда ага эки эстелик кошулду. Андан парктын  ыңгайлуулугу,  көркү  жакшырган жок. Билишибизче, мэриядагылар мындан ары акын-жазуучуларга арналып тургузула турган   эстеликтердин  бардыгын  ошерге жайгаштырганы жатышыптыр. Анда ал жер бак-дарактардын  эмей  эле,  архитектуралык,  эстетикалык  табиттин  жоктугун  гана даңазалаган, кытайдын Циньшихуан деген императорунун кабырындагы терракотолук таш фигуралардай эстеликтердин паркына айланабы? О.Бөлөбалаев менен Арстанбек эстеликтерге  татыктуу  инсандардан,  анда талаш  жок,  бирок  аларга  арналган  эстеликтер  алардын  ысымдарын  алып  жүргөн көчөлөргө  же  маданий  жайлардын   ыктуу жерлерине коюлса туура болбойт беле.

Пластикалык  искусство  көп  чыгымдарды талап кылат, ал эми скульптуралык ансамблдер  жөнүндө  айтпай  эле  коёлу.  Бизде түркмөндөрдөгүдөй түгүл, монголдордогудай да каражат жок. Байларыбыз каражаттарын шайлоолордо гана чачышат, элдин абийири, намысы, шаардын жүзү сыяктуу иштерге келгенде Плюшкиндей битиреп калышат, ал да чындык. Бирок, кара-жат жетишпеген күндө деле, бирөө сөзсүз  ушул  жылы  тургузушуңар керек деп желкелебегенден кийин эрбейген бир нерселерди тургуза койгонго ашыкпастан, эң алды ордун аныктап, айлана тегерегин тар-типке келтирип, анан стелласын же постаментин тургузуп, эскиздерден негизги вариантты тандап алып, анан беш-алты же он-он беш жылдан кийинби,  айтор,   жетиштүү  каражат   табыл-ганда, оптималдуу вариант жаралганда гана Түркмениядагы Огуз каганга жана анын  балдарына,  Махтымкулиге,  Ибн-Синага, Аль-Фарабиге ж.б. тургузулгандардай, көргөндөрдү суктандыра, борбор калаадагыларды сыймыктандыра турган бакыйган фундаменталдуу эстеликтерди  орнотсо  болбойбу?  Көбү  мал  карап жүргөндөргө окшошкон, кылымдарды айтпай эле коёлу, ондогон жылдарга ту-руштук берер-бербеси, архитектуралык, эстетикалык   насил  наркы  канча  экени белгисиз, эрбейген-сербейген мажирөө айкелдерди көбөйтө бергендин кандай зарылчылыгы  бар?  Алар  улуттун   рухунун,  тарыхынын   жана  маданиятынын байлыгын,  улуулугун  даңазалаганга эмес, элибиздин жан дүйнөсүнүн биротоло

мажирөөлөнүп, бачикиленип бараткандыгын гана көрсөтүп жатпайбы! Же  республикабызда  тарыхий,  мада-ний ишмерлер жөнүндө канча китеп чыкса, сөзсүз түрдө Бишкекке ошончо эстелик орнотулушу керекпи? Китепти го ким азыраак акча тапса чыгара берет экен, алар ар кайсыл шкафтарда тура берет, ал эми эсте-лик деген кооз имараттардай, музейлердей, сейил бактардай эле шаардын, мамлекеттин  жүзү  го.  Антип  жүзүбүздү  өзүбүз  майдалантып, бачикиленте берсек, деги бизди ким сыйлайт?

Бул  айткандарыбызды  тастыктап,  жакында  “Ала-Тоо”  кино  театрынын  жанына Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулду, бирок ага ыраазы болгондордон нааразылар көп. Башкаларды айтпай эле коёлу, С.Чокморов менен көп жылдар бою бирге иштешип, үй-бүлөлүк катышта да жүрүшкөн Мар  Байжиев  менен  Болот  Шамшиев,  ал жөнүндө эң мыкты изилдөө-макала жазган Абдиламит Матисаков да “бул биз билген Чокморов эмес” деп ачык айтышууда. Эгерде артисттин эстелигин аны көп кинотасма-ларында   тарткан  режиссёру,  образдарды кантип түзүү керектигин бирге талкуулашкан сценаристи, аны менен сырдашып, мыкты макалаларды жазган журналист билишпесе, таанышпаса, анда аны ким билет? Деги анда ал кимдин Чокморову? Тилекке каршы, ал эстеликти жараткандын гана Чокморову болуп калган.

С.Чокморовдун ажары, жүзү, жалпы тур-паты – эркектик сулуулуктун, эрктин, кайраттын, адамгерчиликтин, ошол эле мезгилде сабырдуулуктун, чексиз жупунулуктун да символу болгон. Ошон үчүн Жолон Мамытов  “элестелип  бүт  дүйнөгө  таркады,  кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деп жазган. Ал эми “Ала-Тоонун” жанындагы эстеликти карап туруп, “элестелип бүт дүйнөгө тарка-ган, кыргыз өңү дал ушу эстелик өңүндөй” деп  айта  алабызбы?  Жок.   Ал  жерде  ички дүйнөсү,  кино  көрүүчүлөр  жакшы  билген ажайып  образы  даана  көрүнгөн,  чыгармачыл  потенциалы  чоң  Сүймөнкул  Чокморов эмес, мурду теңирейип, бир жакка шектүү көз  чаптырган,   сырткы  турпаты  мажирөө, жагымсыз бейтааныш бирөө турат. Эстеликте  Чокморовдун  ички  чыгармачыл  бай дүйнөсү  ачылмак  түгүл,  бет  түзүлүшү   да окшошпой калган. Анан кантип биз аны биз билген Сүймөнкул Чокморов деп айта ала-быз? “Маанаке дейин десем, башы канаке?” дегендей болуп жатпайбы.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, Журналист

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *