Бул ишке качан чекит коюлат? Же тергөөдөгү “термелүүлөр”

“Кыргыз Туусунун” 10.03.2017-ж. №18 санына “Жактоого эмес, тактоого муктаж жагдайлар” аттуу макала жарыяланган. Анда бир адам өлтүрүүдөгү (анын тергелиши жана соттук териштирилүүлөрү боюнча суроолор азырга чейин жетиштүү) айыпталып жаткандардын бири — Шаршенбек Абировдун ал кылмышка катышы, ал үчүн сот органдары аркылуу алган жазасынын мыйзамдуулугу боюнча күмөн ойлордун бар экендиги айтылган.

Суроо жараткан соттук чечимдер

Биздин күмөн ойлорубузду Ленин райондук сотунун ишти алгач караган судьясы А.Өмүрканов да тастыктаган жана ал соттук материалдарды толуктоо үчүн аракет кылганда тергөөчү судьяны ишти кароодон четтетүү өтүнүчүн келтирген. Ал ортодо дагы үч судья ишти карап, акырында бешинчи судья Т.Байсеитов Ш.Абировдун ал кылмышты жасоого катышы жоктугун аныктап, аны КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 339-беренесинин 2-бөлүмү (Өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп таап, 4 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Бирок,  эмнегедир  Бишкек шаардык сотунун Кылмыш иштер жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук колле-гиясы (төрайымдык кылуучу жана баяндамачы Ж.Мамбеталы, судьялар Ж.Толоев жана И.Шугальский) иштеги негизги айыпталуучулардын көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктар  болгондугун  эске алып,  аларды  калыс,  адилет териштирүүнүн ордуна ишти эптеп эле бүтүрүүнүн амалын кылгандай болду. Шаардык соттун 2015-жыл-дын 19-июнундагы өкүмү менен Ш.Абиров КЖКнын 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3, 6, 13, 14, 15-пункттары менен күнөөлүү деп табылып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган.

Бул ишти андан кийин караган КРнын Жогорку сотунун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы (төрагалык кылуучу К.Турганбеков, судьялар А.Исаков жана Л.Темирбеков) экинчи инстанциядагы соттун катачылыктарын оңдоонун, мыйзамдуулукту калыбына келтирүүнүн ордуна,  ишти  үстүрт  кароо  менен 26.01.2016-ж.  Ш.Абировду  КЖКнын 30-97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3, 6, 13, 14, 15-пункттары менен күнөөлүү деп таап, өкүмдүн калган бөлүгүн (15 жылга эркинен ажыраткан) өзгөртүүсүз калтырган токтом чыгарды.

Шаардык сотту го мейли дейли, бирок Жогорку соттун соттук коллегиясында ишти адилет жана мыйзамдуу ка-роого, эч болбогондо ошондой кароо үчүн  кайра  биринчи  инстанциядагы сот ко жөнөтүүгө толук негиз бар болчу. Анткени, башкасын айтпаганда да, кылмыш иши Жогорку сотто каралып жат-канда мамлекеттик айыптоочу катарын-да катышкан прокуратура кызматкери А.Шүкүрбековдун төмөнкү пикири буга түрткү бермек (сот отурумунун 26.01.2016-ж. протоколунан алынды). Ал: “Урматтуу соттук коллегия, бул жазык иш менен таанышып жана изилдеп, экинчи ин-станциядагы соттун чыгарган чечими мыйзамсыз жана далилдерсиз чыгарылган деп эсептейм. Ш.Абиров боюнча КЖКнын 30-97-беренеси менен айыбы угузулган, бирок Бишкек шаардык соту 97-берене менен соттоп койду. Бул иш боюнча көп нерселер изилденген эмес. Соттор изилдөө үчүн эч кандай аракет да кылган эмес, башка соттолуучулардын күнөөсү бүт далилденген. Ш.Абиров боюнча далилдер изилденген эмес.

Ошондуктан Бишкек шаардык сотунун 2015-жылдын 19-июнундагы өкүмүн жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөтүүнү суранам”, – деп ишти тергөөдөгү кемчиликтерди ачык-айкын көрсөткөн.

Адатта, соттук практикада мамлекеттик айыптоочу тараптан айыпталуучуну жактоо сейрек учурда кезигет. Дээрлик бардык учурда мамлекеттик айыптоочулар “мундирдин кызыкчылыгы” үчүн болсо да, айыптоону колдой беришет.

Ошондуктан, соттук талаштагы акыркы чекитти коюуга, демек, соттук чечимде күмөн жагдайлардын болушуна жол бербөөгө милдеттүү болгон Жогорку сот-тун судьяларынын ушул ишти кароодогу аракети таң калычтуу. Алардын бул жоругу эптеп эле ишин аягына чыгарууга шашылышкандай таасир калтырат.

Иликтегендер бир пикирде

“Кыргыз Туусуна” материал жарыялангандан кийинки окуялар мына ушул аталыштагыдай болуп турат. Прокуратура органдары тарабынан макаладагы келтирилген жүйөөлөр эске алынуу менен бул кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралууга толук негиздер бар экендиги аныкталган. Айталы,  Ленин  райондук  ички  иштер  баш-кармалыгынын  начальнигинин  орун  басары Э.Үркүновдун 02.08.2017-ж. Ленин районунун прокурору Н.Акматованын атына жиберилген тактамада “Ш.Абировдун окуя болгон күнү кылмыш окуясы болгон Ак-Ордо конушунда же болбосо кылмыш окуясын жаап-жашыруу болгон Бишкек шаарынын Совет көчөсүндө БЧК каналынын жээгинде болгондугу  далилденбеген”  деп  көрсөтүлөт.  Андан  башка  да  тергөөдөгү  бир  катар  кемчиликтер  аталып өткөн.

Ленин районунун прокурору Н.Акматова тарабынан бекитилген жана райондун прокурорунун жардамчысы С.Мейманкулов түзгөн 2017-жылдын сентябрындагы корутундуда тергөө жана башка көзөмөлдөө органдары тарабынан айыпталуучу Ш.Абировдун кыймыл аракетине туура баа берилбей калгандыгы көрсөтүлгөн. Ошондуктан, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 388-бер. 1-бөлүмү жетекчиликке алынуу менен Ш.Абировдун кылмыш иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайрадан жандандырууга толук негиз бар болгондуктан иш Башкы прокуратура аркылуу КРнын Жогорку сотуна жиберилүүгө тийиштиги белгиленген.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзгөн Ленин РИИБнын ага тергөөчүсү Т.Керимбаев 16.12.2017-ж. тергөө иштерин аяктоо жөнүндө токтомунда жогоруда айтылгандардан тышкары, Ш.Абировдун жу-байы А.Жусупованын кылмыш болгон 2012-жылдын 12-апрель күнү Ш.Абиров өз иш ордунда болгондугун чогуу иштешкендер тастыктап берише тургандыгын, бул боюнча мурдагы тергөө учурунда эч кандай иш жүргүзүлбөгөндүгүн, күбөлөр Кутманбек Рахымбековдун, аны менен чогуу иштеген Руслан Баялиевдин айткандары бар экендигин билдиргенин келтирүү менен материалдарды Ленин райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Мына ошентип, кылмыш ишин иликтегендер тарабынан кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлар боюн-ча кайра тергөөгө негиздер бар экендиги бир нече жолу тастыкталган.

Жардамчынын “жалкоолугубу?”

Ага карабастан кылмыш ишин иликтөөгө алган Ленин районунун прокурорунун жардамчысы О.Мамбетов 2017-жылдын 27-декабрында токтом токуп жиберген. Токуган токтомунун аталышы да укмуш. “Жаңы ачылган жагдайлар жүргүзүүнү кайра баштоого негиз жок болгон жөнүндө токтом”. Мына ушул токтомунун аталышын эле окуган Ленин районунун прокурору Н.Акматова бул жардамчысы-нын билим деңгээлине баа берип койсо ашыктык кылбас деп ойлойм. Бул эми кеп кезеги келгенде айтылган сөз.

О.Мамбетов токтомунда мурдагы айыптоодо келтирилгендерди кайталоо менен тим болгон. Башка-сын айтпай эле ал токтомдогу бир сүйлөмдү келтирсек, жардамчынын ишти талаптагыдай териштирбегендиги, атүгүл анын “жалкоолугу” ачык көрүнөт. Ш.Абировдун окуя болгон мезгилде кайда жүргөндүгү боюнча “Альфа-Телеком” ЖАКынан алынган маалыматтар боюнча айтып келип, “Бирок, ошол телефонду өзү көтөрүп жүргөндүгү же башка киши алып жүргөндүгү аныкталган эмес, балким балдары ошол же аялы колдонуп жүргөн” деген “гениалдуу” тыянак чыгарат О.Мамбетов.

Бул жанагы айылдагы ар нерсени жоро-молдой берген абышка-кемпирлердин сөзүнө окшоп турган жокпу?!

Тергөөчү  катарында  О.Мамбетов чал-кемпирдин жоромолун эмес, ошол фактынын өзүн – телефонду балдары же аялы алып жүргөнүн такташы керек эле да!

Мындай “жөндөмү бар” О.Мамбетов прокуратура органдарында иштебей эле, жомок жаза баштаса, балким, азыркыдан алда канча чоң ийгиликтерге жетишмек окшойт. Балким, Ленин районунун прокурору Н.Акматова бул иш менен жакшылап таанышып туруп, кол алдындагы кызматкерине туура укуктук баа берсе, эми деле кесибин алмаштырып алууга кеч эместей. Бул, албетте, айла кеткенде айтылган сөз.

Бул  токтомду  кароо  менен  Бишкек  шаарынын  прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Л.Маданбекова, албетте,  О.Мамбетовдун  “жомогуна” ишенген жок. Ал 2018-жылдын 23-январындагы Жаңы ачылган жагдайлардын негизинде козголгон өндүрүш ишин токтотуу жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндө токтому менен О.Мамбетовдун “жо-могун” (токтом деп айтууга да ооз барбайт экен) жокко чыгарган.

Мамбетовго бериле көрбөсүн!

Л.Маданбекованын кылмыш ишин О.Мамбетовдой болуп “окубай туруп оптом” карабастан, кылдат иликтеп чыкканы байкалат. Анткени, анда жаңы ачылган жагдайлар боюнча тергөө жүргүзүүдөгү бардык кемчилик-тер саналып чыккан.

Мисалы, кылмыш ишин тактоого эч тиешеси жок, кылмыш болгон жердеги адамдар эмес, Ш.Абировдун жашаган  жериндеги  кошуналары  эле  суралгандыгы, Ш.Абировдун кылмыш болгон учурда өзү берген көрсөтмөдөгү жерлерге баргандыгы такталбаганы, О.Мамбетов оюнан чыгарып жаза койгон “Ш.Абиров кылмыш окуясы болгон күнү Ак-Ордо конушунда болгондугу толук далилденген” деген тыянагы эч кандай далилдер менен тастыкталбаганы, анан биз жогоруда жазгандай, “уюлдук телефонун кылмыш окуясы болгон учурда балдары же аялы колдонуп жүргөн” деген “жомогу”.

Токтомдун аягында кетирилген кемчиликтерди жоюу үчүн конкреттүү сунуштар берилген.

Эми Ленин районунун прокурору ишти кайрадан О.Мамбетовго  же  анын  деңгээлиндеги  башка  кызматкерине  тапшырбастан,  олуттуу  мамиле  жасап, кесипкөй прокурордук кызматкерге берсе, ал эринбестен, кылмыш ишин кылдат иликтеп чыгып, бардык күмөн суроолорду жокко чыгарат деп үмүттөнүп туралы.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *