Тилди жоготуп алсак эч нерсе эмес, аны үйрөнүүгө болот, салтты жоготуп алуу – мүшкүл

Чынара Багышбекова Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технология факультетинде кийим дизайны багыты боюнча 4-курста окуйт. Анда 2017-жылы памирлик кыргыздар келгенден кийин, алардын улуттук кийимдерин көрүп келүү ою пайда болгон. Анткени, каарманыбыздын айтымында, дизайнерлер бир жаңы үлгүнү жаратыш үчүн сөзсүз түрдө эскисине кайрылып, тарыхын окуп, ошол кийимдерди изилдейт экен. Келечекте мыкты дизайнер болсом деп үмүт кылып жүргөн Чынара менен памирлик кыргыздар тууралуу кеп курдук.

– Памирден келген бордошторубузда биринчи эле көзгө урунган нерсе эмне экен?

–  Эң  эле  биринчи  өзгөчөлүгү  – салттуу  кийимдерин  сактап  кийип жүрүшкөндүгү болду. Биз күнүмдүк турмуштагы кийимдерге, ыңгайлуулукка өтүп кеткенбиз да, алар болсо өздөрүнүн салттуу кийимдерин азыркыга чейин кийип келишет экен. Эмне үчүн бул салттуу кийимиңерди кийип келесиңер, же кийим жетишпегендиктен уламбы деп сураганымда, алар салтты сакташаарын жана биринчи орунга коюшарын айтышты. Ошондой эле алар бүт баарын колго жасашат экен. Мисалы үчүн дизайнерлер кийимдерди метрлеп ченеп, машинкага тиксек, алар карыштап ченеп, колго тигишет экен. Памирлик  кыргыз  Абдылкафар  деген байке азыркыга чейин өздөрүнүн салттык кийимдерин кийип жүрүшкөнүн төмөнкүчө түшүндүрүп кетти. Мисалы, базарларга же башка  Ооган  жерлерине  чыкканда  кооз кийимдерин кийип, топ болуп жүрүшкөндө, “оо, кыргыздар келе жатат” деп, урматтап, эки колдоп салам берип тосуп алышарын билдирип: “Тилди жоготуп алсак эч нерсе эмес, аны үйрөнүүгө болот, салтты жоготуп алуу мүшкүл”, – деп айтты.

– Алардын салтынан дагы кандай кызыктарды байкадыңыз?

– Сүйлөө манералары, тарбиясы биздикинен өтө эле айырмаланып турат экен. Бизде кыздар көз карандысыз өлкөдө жашагандыктан, башкача тарбияда өсүп калганбыз да. Алардагы өзгөчөлүк болсо алгачкы жолугуу да эле байкалды. “Сиздер менен кийимдер тууралуу сүйлөшөйүн дедим эле” дегенде эле, “Мырзаларыбыздан сурагыла” деп коюшту, алардан уруксат алып туруп, анан маектештик. Ошондой болсо да тартынуу менен, көп ачыла албай, сөздү өз ордунда сүйлөп оту-рушту. Ашыкча нерселерди сүйлөшпөйт экен.

– Алардын кийимине карата даражаларын билип алса болот бекен?

– Мырзалары бул жакка улуттук кийим-дерин көп кийип келишпептир, калпактан башка. Өзгөчөлүгү деле жок, биздин кишилердей эле. Көбүнчө айымдар кийип жүрүшөт экен. Бир эле баш кийимде өзгөчөлүк болот экен. Бизде тестиер кыздарда – үкү топу, тебетей, кеп такыя, турмушка аттанып жаткан кыздарда – шөкүлө, турмушка чыккандан кийин жеңелер, апалар, эжелер жана энелердин өз баш кийими бар эмеспи. Аларда бир эле баш кийими бар экен. “Шапак” деп аталып, үстүнөн “дүря” жоолугун салынып алышат. Өңүнө карап туруп жаш өзгөчөлүгүн билип алсак болот. Кызыл дүря, кызыл шапакчандар – турмушка чыга электер, ал эми ак кийгендер – турмуш кургандар. Жаш айырмачылыгын башка нерседен көрө албайт экенбиз. Кийимдери окшош эле.

– Памирлик туугандар ал жакка көнүп калышыптырбы? Эл менен аралашып дегендей…

– Көнө алышпай жаткандыгы байкалып эле турду. Канча жылдардан бери жашап келген өздөрүнүн мекенин, жашоо образын таштап, билим үчүн, балдарыбызды окутабыз деп келгенин айтышты. Балдарын мугалим жана доктур кесиптерине окута турганын баса белгилеп айтышат экен. Ал жакта медицина кызматтары жок, мугалимдер жок болгондуктан бул жактан билим алып, Памирде калган туугандарыбызды окутсак деп максат коёбуз дешти.

– Кол өнөрчүлүк менен алектенишет экен?

– Кийиз жасашып, жип ийришет экен. Оогандан боёкторду алып келип, жиптерди, жүндөрдү боёп, таар согуша турганын айтышты. Бизде аны терме деп коюшат эмеспи. Бирок катаал шартка байланыштуу кол өнөрчүлүктөн бир топ артта калганы саймаларынан, кийимдеринен билинип турду.

– Алар бизден эмнени байкашыптыр, таң калдырган, жактырган, жактырбаган нерсе болуптурбу?

– Ошол Абдылкафар байке айтып жатпайбы, “Тилине карасам, кыргыз. Бирок сырткы келбети, салт кармаган жагын карасам, түшүнө албай койдум, оруспу же башкабы”, – деп. Менин келбетим да аларга таң калычтуу болду окшойт. “Сиз Ооганга барсаңыз, кыргыз кызымын десеңиз эч ким ишенмек эмес” дейт.

–  Дизайнер  катары  ушул  багытта  иш  алып  барам  деген  план барбы?

–  Албетте.  Быйыл  дипломдук  ишимди жактайм. “Кыргыз улуттук кийимдери” деген теманы тандап алдым. Жөн эле ага өзгөртүү киргизүү же кандайдыр бир жаңы элементтерди алып келүү эмес, сакталып, бизге жеткен кийимдерди түпкүлүгүндө кан-дай болсо ошондой жасайын деген ой болуп жатат. Ошолордун арасына памирлик кыргыздардын да кийимин кошсомбу деп жатам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *