Алина Шаикова МККнын төрайымы болуп дайындалды

 Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн билдирген маалыматка ылайык, МККнын төрагасы Догоев Дастан Давлетович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Анын ордуна Шаикова Алина Кавылбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды.