Аида Ксымалиева: «Балдардын коопсуздугун бизнеске айлантканды токтотуу зарыл»

Кытайдан же башка жактан арзанына карап каруселдерди алып келип жатышат. Балдардын коопсуздугун бизнеске айлантканды токтотуу зарыл деп билдирди Бүгүн, 18-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева.

Ошону менен катар эле депутат өлкөнүн бардык парктарындагы аттракциондордун абалын текшерүүнү сунуштады.

«Ош шаарында Навои паркында аттракцион кулап түшүп 8 адам жабыркады. Алардын бирөөсүнүн абалы дагы деле оор бойдон калууда. Аттракциондорду көзөмөлгө алуу боюнча ата-энелер мага кайрылып жатышат. Бул окуя боюнча бир дагы мамлекеттик орган өзүнө жоопкерчилик алган жок», — деди ал.

Эске сала кетсек, 14-майда кечки саат бештерде болгон Ошто карусель кулап, төрт адам жабыр тарткан. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 142-беренесинин 2-пунктуна (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, техникалык коопсуздукту сактабоо) ылайык кылмыш ишин козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.