Эртең ажыга барчу зыяратчыларды каттоо аяктайт

Быйыл зыяратчыларды ажылыкка каттоо жума күнү, 16-февралда, саат 17:00дө аяктай турганын муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай аракеттер ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумунда кабыл алынган чечимине ылайык жасалууда.

16-февралда кечки саат 17:00дө РСК банкына 500 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сомду кабыл алуу өлкө аймагы боюнча токтотулат.

Ал эми жогорудагы каражаттарды өз учурунда төлөгөн жарандарды ажылык серверине каттоо иштери 23-февралда кечки саат 17:00гө чейин улантылат.

Быйыл зыяратчыларды ажылыкка Сауд Аравиянын Flynas авиакомпаниясы ташыйт.

Сауд Аравия Кыргызстан үчүн жалпысынан 5400 квота бөлгөн.