Суроо – сизден, жооп – бизден

Уйкунун бузулуш себептерин аныкташ керек

– Мен бир жылдан бери жакшы уктабай калдым, дайыма дарылардын жардамы менен уктайм. Дарыгерлерге бардым, бирок жыйынтык жок. Ким жардам берет? (Жылдыз, Сокулуктан)

Максат БАТЫРОВ, невролог:

– Уйкунун бузулушу медицинада инсомния же болбосо диссомния деп аталат. Негизги себептери нерв оорулары болуп эсептелет. Андан кийин жаш курагына байланыштуу улгайган куракта көп кездешет. Кээ бир дары-дармектерди көп колдонгондо дагы кездешет. Ошон үчүн биринчи уйкунун бузулушунун негизги себебин тактап, анан дарылануу зарыл. Ал үчүн невролог же психотерапевтке кайрылуу зарыл. Уйкунун бузулушу иммунитеттин түшүшүнө, эс тутумдун начарлашына, кан тамыр ооруларынын пайда болушуна, көбөйүшүнө алып келет. Бизге кайрылсаңыз болот.

Сиздин оору толук аныкталган эмес

– Сизде богок оорусу жаңы башталып жатыптыр дейт дарыгер, бирок өзүмө сезилбейт, ушундай абал болушу мүмкүнбү? (Нурзада Алымбекова, Бишкек шаары)

Кайыргүл ЖООШБАЕВА, эндокринолог:

– Дайыма эле богок оорусу сезиле бербейт. Тактап айтканда ал оорунун белгилерин адам байкай бербейт. Медицинада оорунун башталышы деген диагноз жок. Биринчи дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүп аныктагандан кийин  гана  диагнозун  айтышат.  Сиздин ооруңуз толук аныкталган эмес. Андыктан эндокринологго кайрылып, анализдерди тапшырып, текшерилүүдөн өтүңүз.

Озон терапиясы жакшы жардам берет

– Өнөкөт бронхит менен ооруйм, жыл сайын ооруканада дарыланам, бирок жакшы жыйынтык жок. Башка жолдору барбы? (Алмазбек, Нарын)

Жаркын ТАЗАБЕКОВА, терапевт:

– Жаз мезгили келээрде мындай өнөкөт оорулар козголот жана суукка байланыштуу дагы жөтөлүү күчөйт. Андыктан, иммунитетти көтөрүп, ден-соолукту чыңдоо керек. Дарыдан сырткары санаторий, курортторго барыш керек. Ысык ванна, баткак жана башка санаториялык дарылануу эффективдүү болот. Бизде озон терапиясы деген бар. Дарысыз айыктырганга жардам берет.

Картошкадан маска жасаңыз

– Айыл жеринде жашайбыз. Бетим өтө кургак, майда бырыш көп. Айрыкча көздүн айланасы. Мөмө-жемиштерден маскаларды колдонсом болобу? (Айзат, 38 жашта).

Айсалкын МАРИПОВА, косметолог:

– Албетте, болот. Бардык типтеги терилер үчүн жер-жемиштерден маска жасаган абдан жакшы. Алма, кулпунай, банан, картошка ж.б. бардык эле жемиштерден жасаса жакшы. Бананга чийки сүт кошуп жасаңыз. Картошканын боткосуна каймак май же жумуртканын сарысын кошуп жасасаңыз болот. Жазында ошол эле каймак майга биринчи чыккан өрүктү эзип, аралаштырып алып бет-ке жапса болот.

Тишиңиз ириңдеп кетиши мүмкүн

– Тиштеримдин түптөрү ооруйт, тиштенсем басылып калат, анан жаман жыт чыгып жатат. Эмне кылам? (Айбек, Жалал Абадтан)

Нурбек ТИЛЕКОВ, тиш дарыгери:

– Эгер антип ооруса, жыттанып жатса, демек, тишиңиз ириңдеп кетиши мүмкүн. Кандайдыр-бир сезгенүү болуп, кабылдап кеткен же дарылоодо чала болуп калышы да мүмкүн. Тишиңизди рентгенден өткөрүп көрүү керек. Кайра врачыңызга барып текшерилип дарыланбасаңыз, ириңдеген болсо кабылдап, жайылып кетет.

Кошумча тамактардыберүү керек

– Менин балам 3 жашта, салмакты жай кошуп атат, мурункуга караганда арыктап кетти, кантип салмак коштурсам болот? (Гүлүм, Сокулук).

Айсалкын ЖУМАБЕКОВА, педиатр:

– Балаңыздын салмагы канча болуп жатат, врачтар эмне дешти? Балким балаңыздын каны аздыр, анализин тапшырыңыз. Кошумча тамактарды беришиңиз керек. Педиатрга алып барып текшертиңиз, балким оорусу бардыр. Балага туура тамактантуу үчүн ботколорду жасап бериңиз. Туура тамактануусуна көзөмөл жасаңыз.