Жалал-Абадда кар көчкүдөн Ала-Бука-Киров жолу жабылды

Жалал-Абад облусунда түшкөн кар көчкү Ала-Бука-Киров жолун жаап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, көчкү жолдун 95-96-чакырымында бүгүн эртең менен 08:40та түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1000 куб метр деп саналууда. Министрликтен билдиришкендей, мындан сырткары 112-чакырымдагы Мазар-Сай участогуна 500 куб метр кар көчкү түшкөн.

Учурда жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Жеринде №27 жол иштетүү башкармалыгынын эки бульдозери жана жүк ташуучу автоунаасы иштеп жатат.

Булак: Азаттык