Тогуз-Тородо жоголгон эки кишини сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Кабак кыштоосуна мал издегени чыгып жоголуп кеткен эки кишинин сөөгү кар алдынан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 6-февралда Бирдик айылынын үч тургуну (1983-жылы туулган К.Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев жана 1989-жылы туулган С.Өмүралиев) Кабак кыштоосуна мал издегени чыгышкан. Чоялиев 12-февраль күнү кечинде айылга келип эки шеригинин адашып кеткенин кабарлаган.

Издөө иштерине 40ка жакын киши тартылып, 15-февраль күнү саат 08:25те жоголгондордун сөөгү кар астынан табылган.