Кайрык издеп, кар кечип баратамын…

Көпчүлүктөн түшкөн суроодон улам, алгачкылардан кылып Ош мамлекеттиу университетинин проректору, “Мен апамды жоолугунан тааныгам”, “Коштошуу”, “Тоолор мени кучактагыла”, “Элегия”, “Досторго”, “Жалбырагым”, “Жарты кайык”, “Жүрөгүмдө сүйүү боздойт”, “Сиз жөнүндө” ж.б.ырлардын автору, обончу Түмөнбай Колдошов менен байланыштык.

– Алло, саламатсыңбы, Түмөнбай? Ак карлуу кыштын кечинде эмне иш менен алектенип жаттың экен?

– Жаңы жылдан кийин окутуучулар эсеп-кысап беребиз. Андан сырткары азыр колумда залкар акын Табылды Мукановдун «Тагдыр кайрык» китеби турат. Көз жүгүртүп отурам. Акындык тагдыр, сүйүү, үй-бүлө темасындагы ырларын окуп «Айнегин терезеңдин эритейин, кумарлуу көздөрүмдүн аптабына» деп… Көөдөнүмдө кайрыктарым бардай сезилип жатат.

– Керемет ырлардын авторунун университеттеги  сабагы  кандай өтөт болду экен? Балким студенттер арасында обончунун жан дүйнө сырларына кызыккан жаштар бардыр?

–  Сабагымды  колумдан  келишинче жакшы өткөнгө аракет кылам. Дайым беш мүнөттүк поэзия менен баштайм. Сабак аяктап калганда студенттерден: “Суроолор барбы?” – десем: “Агай ырдап бериңизчи?» – деп көп сурашат. Айрым учурда ырдап бергенге туура келет.

–  А  эмне  үчүн  сабак  обон  менен эмес, беш мүнөттүк поэзия менен башталат?

– Анткени, мен кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусумун да. Кыргыз адабиятынан сабак берем.

– А биз мукам обондордун автору, аткаруучу Түмөнбай Колдошев музыка мугалими деп ойлоп жүрбөйбүзбү?

– Жок, андай эмес. «Аттиң, аттиң, музыкалык сабатым жок» деген ырдай бул жагы.

– Демек, поэзиянын керемет сыйкыры сенин обон жаратууңа шыкак берет окшобойбу?

– Туура таптыңыз.

– Анда ыр да жаза коет окшойсуң?

– Эргүү келет. Жазчумун. Поэзиянын эмне экенин билбей жүргөн учур экен. Азыр таптакыр ыр жазам деп убараланбайм. Колумдан келбейт экен. Обон жазууну максат кылгам, өз бактымды ырчылыктан, музыкадан издөөнү баштаганыма көп болду.

– Алгачкы обон баары бир ысык-ынак сезилет чыгар?

– Ооба. Алгачкы обонум орустун акыны Александр Пушкиндин ырына чыккан. Аты жок ыр болчу, өзүм «Сизди сүйгөм» деп коюп алгам.

– Орусчабы?

– Жок, ырды Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Эрнис Турсунов которуптур. Мен Эрнис Турсуновдун котормосуна жазгам. Анда студент элем. Колума котормолор тийип калып, барактап отуруп ушул ырга токтол-гомун. Тар батирде, нымдуу үйдө жазылган. Азыр Надира Сарыкова ырдап жүрөт.

– “Сизди сүйгөм» кандай ыр эле? Азыр уксам болобу?

–  (Күлүп)   Азырбы?  Жарайт.  “Сизди сүйгөм…” Сөзү Александар Сергеевич Пушкиндики, которгон Эрнис Турсунов, обону Түмөнбай Колдошовдуку. Сахнада – автор.

– Сизди сүйгөм, дале сүйүү бар чыгар,

Сиз деп күйүп, көөдөнүмдөн жан чыгар.

Кантем эми, сизди азапка салбайын,

Кайгыртпайын, сабырымды кармайын.

Сизди сүйгөм, сыр билгизбей ичимден,

Сыздап жаным, кыйбай такыр башкага.

Талап кылам сизди сүйгөн кишиден,

Так мен өңдүү сүйө билсин таптаза!

– Керемет! Уккан экемин.

–  Текст  1829-жылы,  ал  эми  обону 2008-жылдын март айында жазылган.

– Обон жаралган кезде кубанган-дан көзгө жаш алган же жүрөктөн чыга  албай  тумчуккан  кайрыкты таба албай ызаланган учурлар болсо керек?

– Обон жазганда кубангандын ордуна кыжалат болом. Кайсы жеринен жаңылдым, эл кандай кабыл алар экен деп. Тескерисинче, текстине обон жазган акындардын кубанычын, эмоциясын көп көрдүм.

– Өзүңдө өзүңө катуу жаккан сапатың барбы?

– Көкмүн, бир нерсени аягына чыгууга аракет кылам.

–  “Таарынчаакмын”  дегениңди бир жерден окуп калдым эле? Сени, көбүнчө кандай учурда таарынтып алышат?

–  Туура  эмес  мамиле,  бирөөнүн  акысын  башкага  ыйгаруу  жана  адамдардын өзгөрүлмөлүүлүгү таарынтат. Таарынычымды эч кимге айтпайм, болгону кыйналамын.

– Бул жашоону кай учуру, кай керемети үчүн айрыкча сүйөсүң?

– Дүйнөдө жакшы адам көп. Ошолордун  таза  дүйнөсү  үчүн,  баладай  аруулугу үчүн ыраазы боломун. Кээде ойлоном, жа-шоону да сүйүп жашоону үйрөнүшүм керек деп.

– “Кандай бактылуусуң” деген сөздү көп айтышабы? Деги эле кандай адам бактылуу?

– Жүрөгү тынч адам бактылуу. Мен өз бактымды дайым кыжалаттыкка толтуруп алып, азабын көп тартам. Болбосо, менден өткөн бактылуу адам барбы?!

– Жумуштан чыгып, үйгө баратканда эмне жөнүндө ойлонот болдуң экен? Үйдө кантип күтүп алышат?

– Үч уулум бар. Экөө бала бакчага барат, үчүнчүсү али жаш. Алдымдан чуркап, тосуп алышат. Жолдон кайрылып, балдарга эмне керек болсо сурап, ала барам. Ал эми оюмда – эртеңки жумушум.

–  Ата-энеңизге  барып  турасызбы?

– Атам – Колдошов Рахман, апам – Кол-дошова Айша, экөө тең пенсионер. Ала-Бука районунун  Көк-Таш  айылында  турушат. Быйыл шартка байланыштуу бара албадым. Бир туугандарым баары чогулуп, ата-энемди куттуктап келишти. А мен болсо телефондон куттук айттым.

– Айтмакчы, кандай наам-сыйлыктарың бар?

– «КР маданиятынын мыктысы» деген ардактуу наамым бар.