Ал күндөрдүн элеси эстен кетпейт, же ооганчылар эскеришет

Баткен районунун акими К.Салихов Советтик Армиянын Ооганстандан чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына жана курман болгон кыргызстандыктарды эскерүү күнүнө карата салтанаттуу майрамды өткөрүү жөнүндө» буйрук чыгарып, уюштуруу комитетинин курамы, аткарылуучу иш-чаралардын планы бекитилди. Иш-чаралардын алкагында айыл өкмөт башчылары жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жана акчалай колдоо көрсөтүү жагы тапшырылды. Ошондой эле, мектептерде, кесиптик окуу жайларында Ооган согушунун катышуучулары менен жолугушуулар уюштурулуп, «Эркиндик» сабактары өткөрүлүүдө.

Баткен облустук Ооган согушунун ардагерлери уюмунун төрагасы Равшанбек ЖУМАЕВ:

– Ооган согушуна Кыргыз-стан  боюнча  7142  жаран  катышып, алардын 249у курман болушкан,  1  миңден  ашууну оорудан каза болушкан. Ал эми Баткен  облусунан  556  жаран катышкан. Алардын 27си курман болуп, бүгүнкү күндө облус боюнча 460, Баткен району боюнча 35 ардагер бар. Бул интернационал жоокерлерибиз Баткен окуясында, Ош коогалаңында да алдыңкы катарда болушуп, Мекен үчүн жан үрөшкөн. Бүгүнкү күндө ооганчылар жаш муундарга патриоттуулуктун, интернационалдуулуктун үлгүсү болууга өз салымдарын кошуп келишет.

Баткен райондук Ооган согушунун ардагерлер уюмунун төрагасы Шакир САРЫБАЕВ:

– Мен 1961-жылы Баткен районунун  Бужун  айылында төрөлгөм. 1978-жылы Советтик Армиянын катарына чакы-рылып, Түркмөнстандын Куш-ка  шаарында  кызмат  өтөгөм. 1979-жылы Ооганстанга чакы-рылып, ал жерде бир ай аскердик даярдыктан өткөнбүз. Мени менен бирге 15-16 баткендик бар болчу. Эң алгачкылардан болуп Ооган согушуна киргенбиз. Ал жерде аткычтар тобунда болдум. Алгач эле бизди Шындант шаарындагы аэропортко алып барышкан. Ал жер баары талкаланып бүткөн экен. Аэро-портту курчоого алып, ал жерден 5-6 ооганчыларды кармап алып келип бергенбиз. 1-рота ошол жерде калып, калганы-быз шаардан 24 км. алыстыктагы айылга барганбыз. 31-декабрь болчу, жаңы жылды ошол жерде тосуп, анан 1-январда кайрадан Шындант шаарына келип, ал жерде апрель айына чейин кызмат кылдык. Кабулга келип, ал жерде 107-байланыш полкунда болдум. Ошентип, үрөй учурган күндөрдү өткөрүп, 1981-жылы май айында Кыргызстанга кайтып келгем.

Ак-Турпак айылынын тургуну Жоробай МОМУНОВ: 

– Мен 1960-жылы Ак-Турпак айылында төрөлгөм. 1979-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылдым. Украинада кызмат кылып жатканымда алты ай бизди аскердик даярдыктан өткөрүп, сегиз бала Ооган согушуна аттанганбыз. Алардын ичинен жалгыз мен кыргыз, бир тажик, калганы орус, украиндер болгон. Ооганстанда Хименскийде десанттык бөлүктө кызмат кылганбыз, душмандар менен салгылашууларга катышканбыз. Толук бир жыл мекен үчүн салгылашып, анан Кыргызстанга кайтып келдим. Биз, ооганчылар, Баткен коогалаңына да өз каалообуз менен барып, туулуп-өскөн жерибизди коргоого да өз салымыбызды коштук.

Рахман ТЕМИРОВ:

– Баткен районунун аймагындагы ардагерлер жыл сайын жолугуп, өткөн күндөрдү эстеп баарлашып, өтүп кеткен ооган согушунун катышуучуларын эскерип куран окуп, дуба кылып турабыз. Жылдан-жылга бул согушка катышкандардын катары суюлуп, ден соолугунан ажырап, жардамга муктаж болуп бараткандыгы өкүнүчтүү. Ошондой болсо дагы Өкмөт бизди колдоп, ооганчылар үчүн берилип жаткан жөлөкпулдарды өз убагында берип турат. Жыл сайын Ооганчылар күнүнө карата билим берүү мекемелерине, кесиптик окуу жайларына иш-чараларга да чакыруулар болуп турат.