Артык кылам деп, тыртык кылып…

Балким райондук соттун өкүмү бузулбай калса, бул иш да жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, ачыкка чыкпай калат беле, ким билет.

Кыскасын айтканда, Бишкек шаарындагы Октябрь райондук сотунун судьясы Н.Нурматовдун 2007-жылдын 30-августундагы чыгарган өкүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан 2008-жылдын 30-октябрындагы токтому менен өзгөртүлүп, соттолуучу А.Исираиловдун жазасы күчөтүлгөн.

Ошондон кийин анын мүлкүнө байланыштуу маселе чыгат. Көрсө, ошол эле судья Н.Нурматов А.Исираиловго таандык мүлктөрдү 2007-жылдын 20-декабрындагы токтому менен камактан бошотулуп, башка бирөөлөргө сатылып кеткен экен. Ага макул болбостон жабырлануучу-лар кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышат. Кызыктын дейбизби, былыктын дейбизби, айтор Н.Нурматовдун «кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп» койгонунун бети ошондо ачылат.

Бишкек шаардык сотундагы териштирүүдө Октябрь райондук сотунда соттолуучунун мүлкүн камактан бошотуу тууралуу токтом жок болуп чыкса. Мына сага, ызы-чуу ушундан башталат. Көрсө, Октябрь райондук сотунда соттолуучунун мүлкүн камактан чыгаруу боюнча тергөөчүдөн келген сунуш да, соттолуучудан түшкөн арыз да эч жерде катталбаптыр. Ошол кездеги соттук отурумдун катчысы К.Бечелованын түшүнүгүндө жазылгандай, ал арыз турмак, мындай ток-томду такыр көрбөптүр. Ал эми райондук соттун кеңсесинин башчысы болсо, токтомдо судья Н.Нурматовдун колу коюлуп тургандан кийин, эч күмөн санабастан мөөр басып койгонун айтат.

Ошентип «артык кылам деп, тыртык кылып» койгон судьянын айынан камактан бошотулган мүлктөр кайрадан камакка алынып, ушул кезге чейин маселе толук чечилбей келет. Ал эми судья Нурматовду кайсы шайтан азгырып, кыз-маттык жасалмалуулукка барганы дале түшүнүксүз. Ал өзү токуган токтомду мыйзамдуу эле каттатып койсо мынчалык азабын да тартмак эмес.

Натыйжасы  эмне  болду.  Бишкек шаардык сотунун 2009-жылдын 20-апрелиндеги аныктамасы менен аталган токтом жокко чыгарылып, соттолуучунун мүлкү камакта калтырылды. Ал эчтеке эмес, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан судьяга кара-та кылмыш иши козголуп, жазасын алды.

Эң өкүнүчтүүсү, өзүнүн шалаакы мамилесинен судьялык жооптуу кызматтан кол жууду. Дегинкиси, мындайда «табаа эмес, тооба» деген артык. Мунусу болсо, «алдырарда-жаздырар» дегендей эле

болду го…

Аскарбек НАСИРДИНОВ, “Кыргыз Туусу”