«Ашимовдун теориясы»

КР Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Исабек Ашимов “Илимий-дүйнө таануу маданияты абалынын өзгөрүүсүнүн жана калыптануусунун мыйзам ченемдүүлүгү («Ашимовдун теориясы») илимий ачылышын жасады.

– Исабек Ашымовичтин ачылышы стратегиялык мааниге ээ деп баа берем. Себеби бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө адамдын органдарын алмаштырып жатышат, органдарды алмаштыруунун философиялык негизин Исабек Ашымович өз көз карашында чечмелеп берди. Биз илимдин философиясын түзүүдө көп ийгиликтерге жеттик. Мына ошол ийгиликтерге – илимдин философиясына жана тарыхына бүгүн Ашымов чоң салым кошуп отурат”, – деди ачылыш тууралуу академик, философия илимдеринин доктору Аскар Какеев.

Ал эми УИАнын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы Имамназар Тайчиев : «Быйыл биздин бөлүмдө Кыргызстандын деңгээлинде ири ачылыш болду. Бул “Ашимовдун теориясы”, аталган илимий эмгек илимий жаатта иштеп жүргөндөр үчүн абдан маанилүү.

Себеби медицина илиминин философиясы – адеп-ахлактык жана өмүр, эвтаназия, дененин бөлүктөрүн алмаштыруу актуалдуу маселелер», – деген пикирин билдирди.