Энергетика шалаакылыкты кечирбейт

Жогорку Кеңештин депутаттары менен журналисттердин парламенттеги “Жай отуруп баарлашуу” долбоорунун алкагында энергетика тармагы талкууланды. Анда кеп оболу Бишкек ЖЭБиндеги январь айындагы окуяга жана тариф саясатына бурулду. ЖЭБдеги кырсыкты териштирүү үчүн парламент депутаттарынан турган комиссия, Биринчи-вице-премьер- министр Аскарбек Шадиевдин жетекчилиги астында өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссиялар бир айдын ичинде ЖЭБдеги көйгөйдү өз алдынча иликтеп чыгышып, жыйынтыгын коомчулукка ачыкташы керек.

Парламенттин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек РЫСПАЕВ:

“Көз боёмочулукка таң калдык” 1964-жылы курулуп, эскилиги жеткен Бишкек ЖЭБнин жабдууларынын тетиктери азыр эч жерде чыгарылбай калган. Ал жерде бүгүн болбосо да, башка жолу боло турган кырсыктан качып кутула алмак эмеспиз. Шаар биротоло жылуулуксуз калып, эбегейсиз чоң чыгым келтирилмек. Январдагы кырсык чыккандан кийин модернизацияланган жаңы жабдуулардын улам бирин шашылыш ишке берип жатып, абалдан чыгып кеттик. 2013-жылы Өкмөт техникалык-экономикалык негиздерсиз, долбоорсуз 386 млн. доллар инвестициясы менен кытайлык ТВЕА компаниясын  сунуштап  туруп  алган.  Андан  башка деле инвестор бар болчу. Депутаттар тобу Түркияга барып, энергетика тармагындагы курулушта көп жылдык тажрыйбасы бар компанияны көрүп келишкен. Түрктөрдүн инвестициялык каражаты дагы бизди ынандырган болчу. Талашып-тартышып отуруп, Кытайдын инвестициясын кетирип албайлы,  ЖЭБ  курулуп  калсын  деген  максатта Өкмөт сунуштаган ТВЕАны ратификациялап бергенбиз.

Бирок, бизди таң калтырганы – 2017-жылдын  28-августунда  жаңы  ЖЭБ  курулуп бүткөнүн жарыялап, лентасын салтанаттуу кескенден кийин беш ай өтпөй катуу авария болуп отурат. ЖЭБге барган депутаттар ал жердеги кызык окуяга туш болдук. Жаңы агрегаттарды иштетпей, кайрадан эле советтик мезгилдеги эскилерин иштетип жатышыптыр. Биз энергетиктерге: ”Эмне үчүн жаңысын иштетпейсиңер? Эскисин оңдоп-түздөп резервге кармап турбайсыңарбы?” деген суроону бердик. Баарысы оозуна талкан салып алгансып унчугушпайт. Ачык айтып коёлу, ЖЭБдин модернизациясы бүттү дегени менен чынында толук бүтө элек болуп чыкты. Себеби, ал жерде химиялык кошулмалар менен сууну тазалап, насоско жиберүүчү химблогу аягына чыгарылбаптыр. Насосту ачып көргөн кишинин жүрөгү түшөт… Анда суу химиялык тазалоодон өтпөгөндүктөн толтура ылай туруп калыптыр. Талап боюнча ал жерде ылай түгүл кебер (накип) да болбошу керек эле. Ошол учурда эски буу казандардын тогузу даяр болуп, анын алтоосу резервде туруптур. Окуя чыкканда резервде тургандарын дароо ишке киргизүү керек болчу.

Мени чиновниктердин шалаакылыгы, чарбасыздыгы кейитти. Биз барганда ичке түтүктөрдүн датчиктери иштебей катып калыптыр. Бишкек ЖЭБин оңдоо үчүн былтыркы жылы 550 млн. сомду ушул эле максатта алышкан. Ал эми 2018-жылга карата дагы 650 млн. сом оңдоого каралды. Жогорудагы каражат кайда кеткенин эми алар жооп бериши керек. Ал гана эмес терезелери сынып, каалгалары шалдырап араң турат. Ушул каражаттын эсебинен оңдоп койсо болот беле? Болмок. Биз бул жерде коррупциялык иштер бар деп ойлойбуз. Ушул иштерди депутаттык комиссия иликтеп, тастыктап чыгышы керек. Андан тышкары, кырсыктын чыгышына кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болгонбу деген дагы ой кетип жатат… Убагында Өкмөт жаңы ЖЭБди курууга коркпой-үркпөй кредиттерди алып койгон. Кредитти келечекте элибиз төлөйт. А 386 млн. доллар каражат кандай пайдалангандыгын эми алар жооп бериши керек. Бир мекеменин тарпын чыгарган жетекчилерди тайраңдатып, башка кызматка коюну токтоткула деп Өкмөткө айтып жата-быз. Анткени, энергетика чарбасыздыкты, шалаакылыкты кечирбейт.

Дастан БЕКЕШОВ, КСДП фракциясы: “Тарифти Европанын тажрыйбасына өткөрсөк”

Тариф маселеси улам көтөрүлүп калып жатат. Көп мамлекеттерде электр энергиясына тарифти күндүз кымбат, кечинде арзандатып коюу практикаланып келет. Тарифтин мындай ыкмасы өзгөчө кыш күндөрү керек. Анткени, көмүрдүн түтүнү абаны булгап, экологияга абдан зыян алып келүүдө.

Мындай кадам экономикалык жагдайдан алганда да үнөмдүү болорун чет элдик таржрыйбалар көрсөткөн. Мисалы, Италияда кеңири жайылтылган, кошуна Казакстанда ушул тажрыйба бар. Ар жыл сайын Бишкек мэриясы 20 млн. сомду аз камсыз болгондор үчүн акысыз көмүр таратууга жумшайт.

Мен көмүрдү бербегиле деп айтпайм. Бирок, көмүрдүн ордуна аларга электр энергиясына  субсидиялоону  Өкмөт  колго  алса натыйжалуу болот деп ойлойм. Борбор калаада 4500 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыздалып жатат. Баарыбыз экологияны коргоо керек деп кыйкырып алып, кайра көмүрдү күргүштөтүп жагып жатабыз. Акыркы жети жылдын ичинде атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында көмүр казып алууну төрт эсе көбөйтүп жибердик. Бир четинен ишкерлерди байытып, андан бюджетке салык түшүрүп, жумушчу орундарын түзүп жатабыз. А медалдын экинчи жагын көргүбүз келбейт. Жагылып жаткан көмүрдөн чыккан уулуу заттар баарыбыздын ден соолугубузга урулган сокку. Азыркы учурда дем алуу органдары жабыркагандар, онкологиялык дарт баскандар экологиянын бузулганына байланыштуу болууда.

Жыргалбек ТУРУСКУЛОВ, “Республика-Ата журт” фракциясы:Азыр энергетика кыйын абалда

Бүгүнкү күндө тариф саясаты Өкмөткө өткөрүлүп берилген. Азыр энергетика кыйын абалда. Көп жылдардан бери аба чубалгыларынын, ГЭСтердеги жабдуулардын эскилиги жетти. Акыркы жети жылдын ичинде энергетика тармагын финансылоого бир топ келишимдерди ратификациялап бердик. Бул дагы жетишсиз. Кыргызстанда электр энергиясы арзан экени чындык. Бирок, Өкмөт тарифти көтөрүү үчүн адегенде экономика-ны көтөрүп, эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду жогорулатып бербесе эл кыйналып калат.