Быйыл экспорттун өсүшү күтүлөт

2017-жылдын экономикалык өсүү темпи 3,5 пайызга болжолдонгон болчу. Тилекке жараша, жылдын жыйынтыгы менен ал 4,5 пайызга жеткени маалым болду. Эң башкысы макроэкономикалык стабилдүүлүк камсыздалып калды. Ага өнөр жай тармагы абдан жакшы салым кошуп, анын өсүүсү 11 пайызды түздү. Тышкы соода жүргүзүү кыйла жогорулады. Өткөн жылы экспорттун да, импорттун да көлөмү көтөрүлгөнү байкалды. Жакшы жагы, өткөн жылы импортко караганда, экспорттун көлөмү жогорулаган.

Жаңы ишканалар ачылат

ЕАЭБ ичинде 2016-жылдагыга салыштырмалуу кыргыз экспортунун көлөмү 25 пайызга өскөн. Октябрь айында башталган кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал өлкөнүн тышкы соодасынын көлөмүнө, жалпы экономикалык көрсөткүчтөргө терс таасирин тийгизет деген кооптонуу чыккан болчу. Тилекке жараша, ал жалпы ИДПнын өсүү динамикасына өтө терс таасирин тийгизе алган жок. Анткени, ишкерлер жүк жөнөтүүнү убактылуу токтотуп туруп, абал кайра ордуна келгенде гана чыгара башташты. Чек ара көйгөйүнөн ишкерлерге жалпысынан 7 млн. сомдук чыгым келтирилген. 2018-жылы өлкөнүн тышкы соодасынын кыйла өсүүсү болжолдонуп жатат. Анткени, ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинде Кыргызстандын товарлары өз ордун ишенимдүү табууда.

Андан тышкары, кыргыз товарларын сыртка чыгаруу максатында жаңы багыттар ачылууда. Экономика министри А.Новиковдун билдиргенине караганда Өзбекстан менен карым-катнаш кыйла өнүгүшү керек. Жакында Өзбекстандын тышкы соода министри менен бирге 20дан ашык мамлекеттик ири ишканалардын жетекчилеринин, бизнес өкүлдөрүнүн Бишкекке келиши соода жүргүзүүнүн альтернативдик багыттарынын пайда болушуна ишеним арттырууда. Миса-лы, Өзбекстанга Сокулук районунда чыгарыл-ган керамикалык плиткаларды жөнөтө баштайбыз. Андан тышкары, алкоголдук ичимдиктерди, цементти, көмүрдү, сырды, балды экспорттоо боюнча алардын соода түйүндөрү менен келишимдер түзүлүп жатат.

“Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылы” болуп жарыяланышына байланыштуу ар бир аймактын өзүнүн өнүгүү планы иштелип чыгууда. Мында Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондусу аркылуу кредиттердин берилиши мурдагыдан дагы жандана баштайт. Жакында Кара-Балта шаарында арматура чыгаруучу ишкананын ачылышы болот. Андан тышкары, аталган фонд шире чыгаруу чу ишкананы колдоого алып жатат. Айыл чарбасын финансылоо программасы аркылуу асыл тукум мал чарбасын жана дыйканчылыкты колдоо мурдагыдан натыйжалуу улантылуусу керек. Ишкерлер курулуш материалдарын чыгаруучу ишканаларды курууну колго ала башташат”, — деп билдирди экономика министри Артем Новиков министрликтин коллегиясынын жыйынында.

Санариптик экономиканын келечеги

Адамзат  үчүн  30  жылдан кийин  интернет  мунайзаттан  да маанилүү ролду ойноп калары глобалдык деңгээлде айтылып жатат. Алыс барбай эле өзүбүздөгү интернетти колдонуунун өсүшүн карап көрөлү. Өкмөткө караштуу Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин кабарлаганына караганда Кыргызстанда 2016-жылы уюлдук байланыштарды активдүү колдонуучулардын саны 7 189 667ге жетиптир. Анткени, айрым абоненттер бир нече SIM-карт колдонушат. Ал эми республикада жалпы интернет колдонуучулардын саны 4 916 191ге жетиптир.

Бүгүнкү күндө санариптик технологияны колдонуучу тармактардын саны күн санап өсүп баратат. Мисалы ал банк системасында, чекене соода, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маалымат каражаттары тармагында кеңири жайылган. Санариптик экономиканы дүйнө калкы адамдын акылы, кабыл алуусу, интеллектиси алдыга кеткен төртүнчү революция катары баалап келе жатат. Буга Малайзия, Сингапур, Дания, Австралия сыяктуу мамлекеттерди мисал келтирсек болот. Өнөктөш мамлекеттерди алсак Казакстан, Россия санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча программаны кабыл алышкан. Ал эми Кыргызстан 2017-жылы “Таза  коом” программасын кабыл алды.

Донордук жардамдарды координациялоо кандай жүрүп жатат?

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жыл-дардан бери негизинен БДБ, АӨБ, Япониянын жана Германиянын өкмөттөрү, Кореянын КОИКА уюму сыяктуу донорлордон жардамдар келе баштаган. Бирок, донордук жардамдарды координациялоо татаал жолду басып өттү. Мисалы, 2001-жылы донордук жардамды координациялоо Финансы министрлигине берилген. 2007-жылы анын бир бөлүгү Экономика министрлигине ыйгарылган. 2010-жылы ал толук бойдон ЦАРИИге берилген. Андан кийин бул милдет бир нече мамлекеттик органдарга бөлүнүп, чачыратылып жиберилген.

Бирок, тыштан келген жардамдарды стратегиялык нукта колдоно турган бирдиктүү программалардын жоктугу экономиканын кендирин кесүүдө. Андан тышкары, мамлекеттик органдардын арасында тыштан келген жардамдары бөлүштүрүү боюнча өз ара макулдашуу түзүлө элек. Министрликтер менен ведомстволор өз ара макулдашпай туруп, донор уюмдарга долбоорлорун өз алдынча сунуштай беришкендиктен бир долбоорду экинчиси кайталап алгандары учурай берет.

Мындай дисбаланстуулуктан улам кээ бир аймактарга жардам көп барып, айрымдарына жетпей жатышы көнүмүшкө айланып калган. Бүгүнкү күндө өлкөгө донордук жардамдарды координациялоо менен үч министрлик ишмердүүлүк жүргүзөт. Булар – Экономика министрлиги, Финансы министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги. Ушундан экономикалык стратегияны ишке ашыруунун бир беткейлиги, пландуулугу, мониторинг жүргүзүү менен иш алып баруу түптөлө электиги көрүнүп турат. Учурда долбоорлордун натыйжалуулугу күттүргөндөй болбой жаткандыгын Экономика министрлигинин коллегиянын жыйынында айтылды.