Толгоосу жеткен тогуз маселе

Соңку убакытта өлкөбүздүн бир нече кен орундарында инвесторлорго нааразы болгон жергиликтүү эл митингге чыгышканы маалым. 14-февралда Бишкекте өткөн Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик бирликтеринин Борбордук комитетинин президиумунун жыйынында күн тартибинин бири болуп, ушул маселе каралды. Президиумдун мүчөлөрү – республикабыздын аймактарындагы ири кен ишканаларындагы кесиптик бирликтин лидерлери жаңжалдын себептерин талкуулап, анын алдын алууда кесиптик бирликтердин аткаруучу иш-чараларын белгилешти. Жергиликтүү эл менен инвесторлордун ортосундагы жаңжалдар 2011-2012-жылдары байма-бай болуп турган. Тургундар тарабынан жолдор тосулуп, техникалар тартып алынып, геологиялык чалгындоо, кен казуу иштерине даярдык көргөн компания кызматкерлерин ур-токмокко алуу фактылары, мыйзамсыз аракеттер орун алган. Мындай көрүнүштөр республикабыздын Чаткал, Ала-Бука, Алай, Кадамжай, Жети-Өгүз, Жумгал жана Талас райондорундагы кен орундарында улам-улам кайталанды. Жер байлыктарын пайдалануу боюнча мамлекеттик башкарууну реформалоо, мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин, атап айтканда, тармактык мамлекеттик органдын түзүлүп, анын өкүлдөрүнүн  жергиликтүү  эл  менен  тыкыс  алака жүргүзгөндүгүнүн аркасында андай жаңжалдар азайган. Деген менен акыркы мезгилде Кадамжай районунун Шамбесай кенинде жана Тогуз-Торо районунун аймагындагы алтын ылгоо фабрикасынын курулушуна байланыштуу Казарманда митинг болуп өттү. Кендердеги жаңжалдардын сыры эмнеде? Жергиликтүү эл эмнеге нааразы болууда? Маселелерди чечүү үчүн кандай чараларды көрүү керек? Жогоруда аталган жыйында козголгон ушул маселелер боюнча Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик бирликтеринин Борбордук комитетинин төрагасы ТАДЖИБАЕВ Эльдар Абдухалилович гезитибизге кеңири маек куруп берди.

– Эльдар Абдухалилович, митингдердин чыгуу себептери эмнеде?

– Эң башкысы, инвесторлордун максаты, ишканалардын ишмердиги жөнүндө маалыматтын элге жетпей жаткандыгында. Кен иштетүүчү компаниялардын финансылык ишмердиги ачык-айкын эмес. Инвестицияны көлөмү, таза пайдалары жана чыгашалары, аларды бөлүштүрүү, салыктар, эмгек акы фондусу жөнүндө эл толук маалыматка ээ эмес.

Жергиликтүү жарандар кен казуу орундарындагы  өндүрүштүк  процесстердин өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү, компаниялардын жергиликтүү жана республикалык бюджетке салымы жана экологиялык зыяндын деңгээли жөнүндө жакшы биле бербейт. Ошондуктан элдин «сабатсыздыгын» митинг демилгечилери пайдаланып кетиши мүмкүн. Ал андан ары саясий оюнга айланат. Эгер, жергиликтүү эл абалды жакшы билсе, ойлонуп, кеңешип өздөрүнө пайдалуу иш кылат деген ишенимдемин. Жаңы кен ишканаларынын ишке киргизилиши менен жаңы жумуш орундары ачылат, ошондой эле жаңы подряддык уюмдар жана тейлөө кызматтары (тамак-аш менен камсыз кылуу, күйүү-майлоочу майларды жеткирүү ж.б.) пайда болот. Булар өз кезегинде жумушсуздукту азайтып, тышкы жана ички миграцияны жөнгө салууга өбөлгө жасайт. Ишканалардын социалдык пакеттери (жергиликтүү өнүктүрүү фондуна каржы чегерүү) ергиликтүү элдин жашоо турмушун жакшыртууга көмөктөшөт. Тоо-кен тармагынын өнүгүшү өлкөбүздүн социалдык-экономикалык жана саясий абалына түздөн-түз таасир берет, тагыраак айтканда, саясий-экономикалык абалды турукташтырууга жардамын тийгизет.

Жаңжалдардын чыгуусунун дагы бир себептери – жергиликтүү кызматкерлердин эмгек укуктарынын бузулуусунда, чет өлкөлүк жумушчулардын ишке белгиленген нормадан жогору кабыл алынуусунда. Ошондой эле көптөгөн ишканаларда эмгек акыга вахталык иши, эмгек стажы, түндө жана белгиленген мөөнөттөн тышкары иштегени жана бийик тоолуу аймактык коэффициент боюнча тиешелүү кошумчалар төлөнбөй келет. Чет өлкөлүктөргө жакшы шарт түзүп, жергиликтүүлөргө караганда маяналарын абдан жогору суммада төлөп берген жагдайлар учурайт.

Тоо кендерин казып чыгаруучу компаниялардын жаңжал чыккан учурларда эл менен сүйлөшүүгө даярдыгы начар. Инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосунда өз ара милдеттерди, жоопкерчиликтерди аныктаган макулдашууларды, жергиликтүү калкты ишке орноштуруу, алардын эмгек шарттары, социалдык пакеттерди сунуштоо жана жергиликтүү мамадминистрациялардын муктаждыктарын каржылоо боюнча келишимдер түзүү колго алынбай келет.

– Учурда тоо-кен ишканаларынын бюджетке салымы кандай болууда?

– Тоо-кен тармагынын продукциялары өлкөбүздүн өнөр жай өндүрүшүнүн, ошондой эле экспортунун 50 пайызын түзөт. Ички дүң продукциянын 8,5 %ы, бюджеттик салыктын 15 %ы тармакка таандык. 2017 жылы тоо-кен тармагынын ишканалары мамлекетке, жалпысынан алганда, 9 млрд. 861 млн. 212,7 сом салык төлөгөн.

2018-жылы Жер-Үй, Куру-Тегерек жана Чаарат кендери ишке киргизилсе, бюджетке салык төлөө арбын көбөйөт. Ал эми 2019 – 2023 жылдары булардын катарын 10 кен орду (Шамбесай, Тереккан-Перевальное-Терек, Шыралжын, Андаш ж.б.) толук-талмакчы.

– Тоо-кен ишканаларынын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жаңжалдарды болтурбоо үчүн кандай чараларды көргөн абзел?

Биринчи  кезекте,компаниялардын ишмердиги өлкөбүзгө олуттуу пайда алып келгендей, аймактарды өнүктүрүүгө үлүшүн кошкондой болушу керек. Бул үчүн лицензиялар  тоо-кен  тармагында  тажрыйбасы мол, каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүк бар ак ниеттүү инвесторлорго гана берилиши зарыл. 2018-жылдын 6-февралына карата кендерди издөөгө, чалгындоого жана иштеп чыгууга 2489 лицензия берилиптир. Алардан 891 лицензия алтын, металл жана көмүр кендери үчүн. Бирок учурда бар болгону 400 компания иштеп жатат. 2017-жылы тоо-кен иштерин өнүктүрүү боюнча 257 план, геологиялык чалгындоо боюнча 291 программа тиешелүү макулдашуудан өткөрүлгөн. Алардын канчасы ишке ашырылып жатканын айтуу кыйын.

Лицензиялардын көпчүлүгү, мурдараак, лицензия берүүнүн жаңы системасына чейин берилген. Инвесторлор өз ишмердиктерине ылайык келбесе да жүздөгөн лицензияларды алып алышкан. Андай компаниялар лицензияларды кайра сатуу үчүн кармап отурушат же кандайдыр бир ишмердик менен алпурушмакчы.

Лицензияларды кайтарып алуу үчүн 2012-жылы Лицензияны кур бекер кармап турушкандарга төлөм киргизилген. Анын суммасы аз болгондуктан майнап чыккан эмес. Ошондуктан КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аталган төлөмдүн ставкасын жогурулатуу боюнча КР Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыккан. Ушул документ бекитилип ишке кирсе, кармалып турган лицензияларды кайтарып алууга, аларды Кыргызстанга пайда алып келүүчү инвесторлорго ачык-айкын шартта берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Экинчи. Экологиялык  таасирди мүмкүн болушунча азайтуу аркылуу экологиялык зыянды болтурбоо. Бул иш-чаралар жана кепилдиктер жөнүндө жергиликтүү элди кабардар кылуу. Экологиялык мониторингди такай жана ачык-айкын жүргүзүү.

Үчүнчү.Үч тараптуу макулдашуу түзүү зарыл. Биринчи тарап – жергиликтүү мамадминистрация (айыл өкмөтү), экинчиси – инвестор, үчүнчүсү – жергиликтүү коомдор ( аксакалдар, жаштар же аялдар кеңештери, кесиптик бирликтер, коомдук бирикмелер). Макулдашуу документинде тараптардын конкреттүү милдеттерин жана жоопкерчиликтерин так белгилеп гана жаңжалдардын алдын алууга болот.

Төртүнчү. Тоо-кен ишканаларынын ишмердигинин пайдалуулугу, анын экономикалык натыйжасы жана мыйзамдарды жана укуктук тартипти бузууда жоопкерчилик  карала  тургандыгы  боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин (республикалык жана жергиликтүү ММКларда, атайын түзүлгөн аянтчаларда) жүргүзүү жана күчөтүү.

Бешинчи. Мындай  ишканаларда жергиликтүү тургундарды мүмкүн болушунча көбүрөөк санда жумушка орноштуруу. Ишканаларда кесиптик бирлик уюмдарынын түзүлүшү эмгектик мамилелерди адилеттүү түрдө жөнгө салууга кепилдик берет.

Алтынчы. Жергиликтүү кызматкерлердин компетенциясы же билими белгиленген талапка ылайык келбей калганда гана (курулуш процесстеринде, жабдууларды оңдогондо) чет өлкөлүк кызматкерлерди жумушка алуу. Жергиликтүү жана чет өлкөлүк кызматкерлерге бирдей эмгек шарттарын белгилөө, кайсы бирөөлөрүнө артыкчылык бербөө.

Жетинчи. Тоо-кен тармагында билим берүү саясатын жолго коюу. Тоо-кен боюнча жогорку жана орто окуу жайларынын базасында Тоо-кен академиясын же университетин ачуу. Тармактын кадрларын даярдоого мамлекеттик тапшырма берүү жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу-ну кепилдөө.

Сегизинчи. Натыйжада ишканалардын ишмердигине тосколдук кылган айрым жактар жана саясий күчтөр тарабынан болгон мыйзам бузууларга чечкиндүү жана катуу чара көрүү.

Тогузунчу. Аракеттеги же ишке киргизилгени жаткан тоо-кен ишканаларында башка ишканалардын жумушчуларын жана башка элдик пункттардын тургундарын чакырып тажрыйба алмашууну киргизүү. Бул боюнча конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү ж. б. иш-чараларды уюштуруу.

Кыргызстандын Тоо-кен металлургия кесиптик бирликтери төмөнкү позицияны бек карманат: ишмердиги өлкөбүздүн экологиясына зыянын тийгизе турган, коррупциялык ыкма менен лицензия алган жана өлкөбүзгө пайдасы жок компаниялардын ишмердиги КР территориясында токто-тулушу жана алардын лицензиясы жокко чыгарылышы зарыл.

Инвестор экологиялык жактан зыянсыз өндүрүштү кепилдесе, бул Кыргызстандын тиешелүү органдары аркылуу тастыкталган болсо, лицензиясын айкын-мыйзамдык негизде алган болсо, мындай Компания кедергисиз жумуш иштеши керек.