Кыргызды шылдыңдаган кинолор

Искусстводо майда деталдар да аябагандай чоң роль ойнойт. Эгерде көркөм чыгармада, кинодо же искусствонун башка бир түрүндө кейипкерге байланышкан бир факт туура эмес болуп, мүнөзү, кыял жоругу, кийими д.у.с. бир нерсеси окшошпой калса, алар ошол замат окурмандарда, көрүүчүлөрдө терс реакцияны жаратып, чыгармага болгон ишенимди, анын баалуулугун кескин төмөндөтөт. Ошондуктан жазуучулар, режиссёрлор майда нерселерден ката кетирбөөгө аракеттенишет, ишенимдүү деталдарды жаратуу үчүн жумалап, айлап изденишет, мээнет кылышат. Биз Эрнест Абдыжапаровдун атактуу манасчы Саякбай Каралаевге арналган кинофильминин композициялык түзүлүшүнө, көркөмдүк эстетикалык деңгээлине ж.б. макаланын этегинде токтолобуз, ал эми биринчи бөлүгүндө деталдардагы адегенде эле оркоюп көзгө түшүп, өөн учураган кемчиликтер жөнүндө айткыбыз келет.

Кино  мурдагы  совет  мезгилиндеги алыс кы тоолордун арасындагы кашарлардын биринде, тамтыгы чыккан бир тамда бир аялдын кир жайып жүргөндүгү менен башталат. Анын ары-бери басканына эле 5-6 мүнөт убакыт кетет же ири планда анын ким экендиги көрүнбөйт. Тасманын убактысын үнөмдөө деген жок, окуялар аябагандай жай өнүккөндүктөн көрүүчүлөрдү жадатып жиберет. Эмне үчүн кино тамтыгы чыккан жалгыз тамда тартылган? Же Саякбай Каралаев шайыктай жалгыз жашаганбы?

Студент кезинде Саякбайдын үйүнө барып, аны менен нечен ирет баарлашып, ал жөнүндө документалдуу кинотасма тарткан Болот Шамшиевдин айтымында, улуу манасчы өмүрүнүн акырында бөлүнбөй этпей эле, Балыкчыдагы үйүндө, элдин арасында жашаган экен. Аны бурмалап, же андан кинотасма жакшырып, кошумча мааниге, күчкө ээ болбогондон кийин, Саякбайды ээн талаага чыгарып салгандын кандай зарылчылыгы бар эле?

Манасчылык – акындыктын, артисттиктин, драманын жана собордук иш-чаранын интездештирилген түрү бол-гон. Манас айтуу үчүн биринчи кезекте кайталангыс төкмө акындык, анан окуяларга жараша үнүн да, мимикаларын да өзгөртө, айрым жерлерин күчөтө, ар айтканда жок дегенде бир нече сапты, деталды кошо билген драмалык артисттик талант, угуучулардын маанайындагыларды байкай билген психолог-модератордук жөндөм да талап кылынган. Атактуу манасчылар күпүлдөшө төрдөн “Манас” айта жулкунуп отуруп, айрымдары боз үйдүн эшигинен чыгып кетишсе, аны уккандар кудум окуяларга аралашып жүрүшкөндөй сезимдерге кабылышып, окуяларга жараша бирде күлүшсө, бирде ыйлашып, бирде отура калышса, бирде тура калып, айрым  чыдамсыздары  кыйкырып  да турушкан.

Э.Абдыжапаровдун кинотасмасынын эки-үч жеринде Саякбайдын “Манас” айткан эпизоддору бар. Биринчи эпизодунда жаш Саякбай нөшөрлөгөн жаанда ээн талаада “Манас” айтып жатса, экинчи эпи-зодунда Үркүндө кырылган элдин, аларды аткылап, кылычтап жатышкан орус жасоолдорунун аттарынын чаңдарынын арасында “Манас” айтып жаткандыгын көрөбүз.  Биринчиден,  бул  эпизоддор реалдуу чындыкка таптакыр жакындашпайт, манасчы деген жогоруракта айткандай, артист да болуп эсептелет, өз эмоциясын, жүрүм-турумун көзөмөлдөй билген адамдар гана артист боло алышат. Эч кандай угуучулары жок ээн талаада же кыргын согушта деле “Манас” айта бергидей Саякбай  жинди  болгон  эмес.  Тилекке каршы, ал эпизоддордун чындыкка жакындабаганы аз келгенсип, ал жерлерде Саякбай Каралаев психикалык дарттан жапа чеккен делбетап адамдай да көрүнүп калган.

С.Каралаев Москвадан жаңы келген жаш Ч. Айтматов менен сүйлөшүп отурганда райкомдун катчысы келип, малчылардын майрамында “Манас” айтып берүүнү өтүнөт. Анын өтүнүчү боюнча, Саякбай чогулгандарга барып, талаага орнотулган сахнанын кырына отуруп алып, чарчаганда кымыздан куркулдата жутуп коюп “Манас” айтып кирет. Ал эпизоддон кинонун авторлорунун манасчылык өнөрү боюнча жөнөкөй түшүнүктөрү да жок экендиги көрүнүп турат. Биринчиден, “Манас” айтып жаткан адам атала ичип жаткансып, антип кымызды куркулдата жуткан эмес, манасчылар оозу кургап баратканда гана айрандан же кымыздан уурттап турушкан. Антип куркулдата жутса, ойлору бөлүндү болуп, денеси шалдырап, андан ары уланта албай калмак. Экинчиден, “Манас” айтканда кызууланып отуруп, боз үйдүн төрүнөн босогосуна чейин жылып кетмей адаты бар Саякбай сахнанын кырынан талпынганда эле кулап кетмек. Ал эпизоддогу үчүнчү эң негизги чоң кемчилик – Саякбай күпүлдөп “Манас” айтып жатат, аны кыргыз-орусу аралаш казганактаган эл угуп отурушат, бирок аларда окуяларды жүрөктөрү менен кабыл алып, аларга аралашкандай реакция, орусча айтканда сопереживание байкалбайт. Куран окулуп же өлүк көмүлүп жаткандан бетер бардыгы манекендерден бетер мисирейишип сурданып отурушат. “Манасты” андай кабыл алыша турган болсо, Саякбайды ал жерге чакыруунун кандай кажети бар эле?

Саякбайдын  кинотасмада  жаш Чыңгызга  “сени  Мухтар  деген  казакка айтамын” дегени да чындыкка ылайык келбейт. Анткени, Мухтар Ауэзов менен Ч.Айтматов өзү Москвада окуп жүргөндө эле таанышкандыгын жазып да, айтып да жүрүшөт. Ага С.Каралаевдин эч кандай тиешеси жок.

Кыргыздар эч качан (бирөөгө өчөшсө да) акты атайылап төккөн эмес. Кинодогу күйөөсүнө чыртылдаган келиндин кесени дасторконго ыргыткандай коюп, кымызды төккөнү эч кандай реалдуулукка коошпойт. Ал убакта анткен зайып ошол замат камчынын алдында калмак. Анын үстүнө кинотасмадагы саба да сабага окшошпой,  жөн  эле  канар  каптай  болуп калган.

Кино  күзгө  аралаш  тартылгандыгы жалпы фондон байкалат, бирок кадрдан сыртынан итак менен сүтактын дабыштары угулуп, эки баланын жалбырактары  калдайган  көчөттөрдү  тигип жүргөнү таң калтырат. Ал эми карыган Саякбайдын караңгы түндө кемпири менен мээримдүү сырдашып, анан ар жагы, азыркыча айтканда, секске айланып кеткени көрүүчүнүн аянычтуу, кейиштүү күлкүсүн гана келтирет. Биринчиден, билгендердин айтымдарында, камалган баласынын айынан өмүрүнүн акырында Саякбай кемпири менен ит менен мышыктай болуп жүргөн экен. Экинчиден, эл сыйлаган кары адамга андай нерсени жабыштыруу биздин салт-санаага таптакыр ылайык келбейт.

Кинотасмада жаш Саякбай түшүндө Бакай баштаган атчандарды көрүп эле эртеси күнү манасчы болуп кетет. Мындай версия автордо манасчылыктын жөн жайын гана эмес, Саякбайдын өмүр жолун, тегин да билбегендиктен жаралса керек. Анткени, жаш манасчылар түш да көрүшкөн, аларга аян да келген, айрымдары аларга өзгөчө басым жасаганды жакшы көрүшкөн, алардын канчасы чын, канчасы фантазия экендигин бир Кудайдын өзү гана билет, бирок адатта алар биринчи кезекте башка манасчыларга таасирленишип, аларга бир нече жыл шакирт болуп жүрүп, эпостун текстин, кантип айтууну үйрөнүшкөн. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр,“Манасты” мурдатан жакшы билип, ага таасирленбесе, анын түшүнө Манас кайдан кирмек? Таптакыр билбеген, көрбөгөн нерсе да адамдын түшүнө кирчү беле. Андайлар галлюцинациялар гана болушу мүмкүн. Ал эми чындыгында Саякбай “Манаска” бармактайынан аралашып чоңойгон, анткени атактуу манасчы Чоюке анын бир тууган таякеси болгон, ал Саякбай отуздан ашканда өлгөн. Демек, анын улуу манасчыга айлануусунда Чоюкенин ролу чоң. Режиссёр мифологиялык версияга азгырылбастан мына ушул жакка басым жасаса, чындыкка да ылайык келмек, кыйла ишенимдүү да чыкмак.

Булар деталдардагы кемчиликтер, ал эми кинотасманын жалпы түзүлүшүнө токтоло турган болсок, анда Саякбайдын балалык кези да, күчкө толгон убагы да, анан карып-арыган мезгили да чагылдырылат. Анын жаш кезин Бактыбек Нурмат, ал эми улгайган убагын Марат Жантелиев аткарган. Убакыт жактан кинотасманы 3кө бөлүүгө болот. Бирок, мына ошол үч бөлүктү органикалык түрдө бир күчтүү идеяга бириктирип, ал кинотасманын башталышынан аягына чейин кызыл сызык менен өткөн деп айтарлык, императивдүү өзөк жок. Ошондон улам кинотасмадагы окуялар фрескаларга, мозаикага окшоп калган. Кинотасмадагы бир да образ ишенимдүү, терең ачылып берилген эмес. Анткени, эки-үч эле жерде Саякбай, жаш Чыңгыз ири планда көрсөтүлбөсө, калган окуялар, кейипкерлер жайылып жүргөн малкелдерди  тарткандай  эле  алыстан чагылдырылган. Кейипкерлердин ички дүйнөлөрүн агынан жаргыдай ачып жиберген ири пландагы эпизоддор болбосо, кайдан эсте каларлык образдар түзүлөт? Кино-тасманы көрүп бүткөндөн кийин күүгүмдө баш аламан окуяларга аралашып чыккандай гана таасирде каласың. Анткени, ири пландагы эпизоддор канчалык аз болсо, кинотасма ошончолук көрүүчүдөн алыстап, күүгүмдөнүп калгандай сезилет экен.

Анан кинотасманын ыгы келбеген жерлеринде деле уңулдаган музыкалык коштоону киргизе берүүсү көрүүчүнү чындап жадатат. Ал киноискусствосу жаңыдан калыптанып келе жаткан-дагы, режиссёр ишенимдүү бир нерсе айта албай калганда көрүүчүлөрдү алаксытуучу, кошумча эффект берүүчү ыкмалардын бири болгон. Аны ХХI кылымдагы кинотасмага алып келип жабыштыруу – анын авторлорунун кесиптик чеберчиликтеринин жетишпестигин, эстетикалык табиттеринин  төмөндүгүн гана  айгинелейт.  Азыркы замандын киносу – ар мүнөттү эмес, ар секунданы окуяга, кыймылга толтурган динамика болуусу зарыл.

Жалпысынан  Эрнест Абдыжапаровдун бул кинотасмасында  эл  билген Саякбайдын образы же анын эл билбеген бир жакшы сапаты ачылып берилбей,  максатына  жетпей  калган.  Мурда Курманжан даткага арналган кинотасма тарыхий, көркөмдүк-эстетикалык жактан чечилиши боюнча советтик мезгилдеги ВГИКтин бир бүтүрүүчүсүнүн дипломдук ишине окшоп калса, Э.Абдыжапаровдун Саякбай Каралаевге арналган кинотасмасы анын деңгээлине да жеткен эмес. Же өткөн кылымдын 70-80-жылдарында киноискусствобуз “кыргыз феномени” деген атка арзыса, азыркы киночулар аны көмгөнгө гана салымдарын кошуп жатышат.

Азыр дүйнөдө орточо бир көркөм кинотасманын бюджети кеминде 70-80 миллион долларды түзөт. Мыкты дегендериники 250-300 миллион долларды чапчыйт, ал эми “Аватардыкы” 1 миллиард доллардан ашкан. Кино эбак чоң акчаны, заманбап технологияларды, мыкты режиссёрлорду гана эмес, супер технологдорду талап кылган индустрияга айланган. Булардын бир компонентисиз элге алынгыдай бир нерсе жаратуу кыйын.

“Курманжан датканы “ тартууга 1,5 миллион  доллар  жумшалса,  прокаттан 100 миң доллар түшүптүр. Ал эми Саякбай жөнүндөгү киного 10 миллион сом бөлүнгөн деп жатышат. Кыргызстанда тартылган калган кинолордун бюджеттери булардыкынан да кыйла аз. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, 50 миң же 100 миң долларга тартылган кинотасма, 100 миллион долларга тартылган кинотасма менен кантип атаандаш боло алат? Албетте, 20-30 миң долларга деле “Маймыл”, “Бешкемпир” сыяктуу тасмаларды тартып, аларга экзотикалык өзгөчө түс берип же кыргыздарды чөп жедирип, төрт аяктатып бастырып, карышкырлардай улутуп койсо, чет жактардан да бирин-экиндеген көрүүчүлөр табылат, сан-сааты жок кинофестивалдардын биринде экзотикасы үчүн бир байгени алышы да мүмкүн, андай учурлар болуп да жатат. Андай садакаларды Канндагы фестивалда башкы байгени алгандай же Оскарга татыгандай көбүртүпжабыртып, убагындагы Б.Шамшиевдин, Т.Океевдин, С.Чокморовдун ийгиликтериндей көрсөтүүгө аракеттенгендер боло тургандыгын да көрүп жүрөбүз. Апыртуу, көбүртүү жагынан эч кимди алдыбызга салбайбыз, ал каныбызда бар. Бирок, антип өзүбүздү өзүбүз, анан элди убактылуу алдагандан эмне табабыз? Азыр ким болбосун каалаган киносун кинотеатрлар, кара жашиктер түгүл, интернет, чөнтөк телефондор аркылуу көрүп турат, жакшысы менен жаманынын айырмасын эч кимдин жардамысыз деле билет.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, Журналист

Кыргызды шылдыңдаган кинолор: 1 комментарий

  • Февраль 16, 2018 в 2:30 пп
    Permalink

    «Кыргызды шылдындаган кинолор» макаласы туп-туура, копчулуктун оюнда жургон пикирде жазылыптыр.

Комментарии запрещены.