Маршруттук таксилерди автобустарга алмаштыруу зарылчылыгы жаралды?

Расмий маалыматка караганда, 2017-жылы өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. Анын ичинде борбор шаарыбыз Бишкекте болгон жол-транспорт кырсыктары маршруттук таксилерге көбүрөөк байланыштуу жана мындай жол кырсыктарынын келип чыгышына маршруттук таксилердин айдоочуларынын жол эрежелерин сактабагандыгы себеп болот.

Энесинен айрылып, оң буту кесилген наристе

9-февралда Бишкекте “Мерседес Бенц  –  280”  автоунаасы  жөө жүргүнчү өтө турган белгиге токтогон “Тойота Функарго” жеңил унаасы ме-нен кагышып, натыйжада жолдон өтүү үчүн камынып жаткан 35 жаштагы балалуу аялды сүзгөн. Ал ошол жерде каза таап, анын 1 жаш 8 айлык кызы оор абалда ооруканага жеткирилген жана кырсыктын кесепетинен наристенин оң бутун кесип салууга туура келген. Бустун айдоочусу 33 жаштагы Ж.Р. болгон. ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына таянсак, былтыр балдар катышкан 1432 жол кырсыгы катталып, 104 бала каза болгон. Ал эми 1622 бала түрдүү жаракаттарды алган.

Кырсыкка көп нерсе себеп…

Кыргызстан  соңку  жылдары  адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктар боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардан түшпөй келет. Жол кырсыктарынан көп кишилердин каза таап жатканы өлкөнүн парламентинде да бир нече ирет талкууланган. 2017-жылдын июль айында болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында дагы балдардын өлүмү менен коштолуп жаткан жол кырсыктары катаал жана принципиалдуу чечимдерди кабыл алууну талап кылып жатканы туурасында да өзгөчө  белгиленген.

Кыргызстанда айдоочулар  арасында жол эрежесин билбей эле, айдоочулук күбөлүктү сатып  алгандар  тууралуу маселе дагы көп жылдан бери көтөрүлүп келет. Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө эки жүздөн ашуун авто-мектеп бар. Алардын баарынын окутуу боюнча уруксат кагазын Билим берүү министрилиги тескейт. 2010-жылдан тартып айдоочуларды даярдоо мекемелерине лицензия берүү Билим берүү жана илим министрлигине өткөн. Ал эми окугандардан экзамен алып, айдоочулук күбөлүк берүү Мамлекеттик каттоо кызматынын колунда. Айдоочулук күбөлүктүн сатылуусу менен катар жол кырсыгынын көбөйүшүнө Кайгуул милициясындагы паракорчулук да негизги себептердин бири. Бир канча жолу аты алмашылган бул кызматта реформа жасалбай келген.

Премьер-министр Сапар Исаков өз ишин бул кызматты жоюу менен баштап жатып: «Бардык пландаштырылган иш-чаралар жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган. Бирок аны ишке ашыруу жай жүрүүдө. Буга байланыштуу кезексиз кеңешме өткөрүлүп, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлду. Бул жөн гана орун алмаштыруулар болбостон, аталган ыкма аркылуу жаңы, сапаттык жактан мыкты кызматкерлерди ачык сынак аркылуу кызматка алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле биз аталган ведомстводо вертикалдык баш ийүүнү чыңдадык. Бул жол коопсуздугу  тутумун  башкарууну жакшыртуу үчүн зарыл процедуралык кадам болуп саналат»,-деген  пикирин  айткан.  Ошондой  эле 2012-жылдан бери ишке ашпай келген өлкөнүн  ири  шаарларында “Акыл-дуу шаар” долбоору кайрадан көтөрүлүп, 2017-жылы бул дол-боор  мамлекеттик “Таза коом” программасынын  тогуз  долбоорунун  бири  болуп кирди жана өлкөдө жол коопсуздугун бекемдөөгө байланыштуу видеокөзөмөл орнотуу сыяктуу бир ка-тар иштер башталды.

Автобустарды көбөйтүү зарылдыгы

Маршруттук таксилерге байланыштуу шаар ичиндеги кырсыктар катталган сайын коомчулукта, маршруттук таксилердеги көйгөйлөр туурасында көп эле айтылат. Чынында эле азыр маршруттук таксилер гана эмес автобус, троллейбус-тун айдоочулары унааны башкарып бара жатып, ошол эле учурда жүргүнчүлөрдөн жол кире алат. Мындай учурларда айдоочу жүргүнчүгө алаксып калып, кырсыкка кабылып калуу коркунучу көп эле болот. Өзгөчө эртең мененки жумуш башталганга чейинки жана кечки жумушчу күн аяктагандагы убакыттарда жыкжыйма толгон маршруттук таксилердин жүргүнчүлөрүнөн көп  эле  нааразычылыктарды  угууга болот.

Айдоочунун  маршрутканы  башкарып бара  жатып  уюлдук  телефон  менен  узак убакытка чейин сүйлөшүүсү, бири-бирине уюлдук телефон аркылуу МАИ кызматкерлери кайсыл жерлерде тургандыгы тууралуу улам-улам эскертип чала беришери, маршрутканын эшиги жабылбай калганга чейин жүргүнчүлөрдү  шыкап  алып  (мындайда чөнтөкчүлөрдүн күнү тууйт) катуу айдоо, кишинин көптүгүнөн кайсыл жерге келгениңди да билбей бара турган жерден өтүп кетүү, каалаган жерге токтоо, жөө жүргүнчү өтө турган белгилерден өтүп токтобостон, жетпей токтоо, бири-бири менен жол талашып жарышып айдоолорго шаар тургундары көнүп деле бүтүшкөн. Эмне үчүн бул көрүнүштөргө чара көрүлбөйт? Тиешелүү органдар жакшы иштебей жатканданбы же маршруттук таксилер кимдир бирөөнүн менчиги болгон үчүнбү? Балким буга жолдорубуздун тардыгы себепкерби? Турмуш өзү көрсөтүп тургандай, маршруттук таксилердин көбөйүшү менен жол кырсыктары дагы көбөйүп жаткандыгы сокурга да белгилүү. Андыктан мэрия дагы бул багытта орчундуу иштерди аткаруусу зарыл.