Нурайым ЭРНИСОВА, блогер: «Коомчулукка хиджаб кийими – коркунуч эмес»

Учурда коомчулукта хиджаб кийүү тууралуу ар кандай пикирлер айтылып келет. Айрымдар, ислам дини деген шылтоо менен бизге арабдын идеологиясын, салтын жайылтышууда десе, башкалары бул жеке алардын динге кылган амалы экенин билдиришет. Хиджабды кандайдыр чектөө катары, же мода сыяктуу кабыл алган учурлар да кездешет. Анткен менен арабызда бул пикирлер жөн гана стереотиптер экенин далилдеп, спорт, маданият, илим ж.б. тармактарда ийгиликтерди жаратып жүргөндөр жок эмес. Алардын бири И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын студенти, блогер Н.Эрнисова “Төр магеибиздин” коногу болду.

– Ислам динин тутуп, хиджаб оронууну коомчулук кандайдыр бир чектөө катары кабыл алган учурларды байкайбыз. Бирок, сиздин оронуп жүрүшүңүздө эч кандай чектөөнү деле көрбөдүм. Кадимкидей коомдук иштерге аралашып, ал түгүл интернетте өзүңүздүн блогду түзүп ар кандай иш  алып  барып  жүрөсүз.  Бул  үчүн сын-пикир угуп жүрөсүзбү?

– Албетте! Орус элинин улуу жазуучусу Лев Толстой айтып кеткендей “Канча баш болсо ошончо пикир” демекчи, менин көз карашым, ой жүгүртүүм, кылган иштерим баарына тең жагышы мүмкүн эместигин билем. Бирок, көпчүлүк туура эле түшүнүп, кабыл алышат. Жыл өткөн сайын адамдар да Ислам дини багытында терең түшүнүккө жетип, кенен маалыматка ээ болуп калышты. Коомчулукта хиджаб кийими — коркунуч эмес, кадимки кийим экендигине ынанып башташты десем да болот. Сын-пикирлерди мен да түшүнүү менен кабыл алам.

– Блогуңуз аркылуу  коомчулукка, окурмандарыңызга эмнени жеткирүүнү максат кыласыз?

– Мен өзүмдүн блогум аркылуу жоолук салынган кыздардагы болгон чектөөлөрдү алып салып, аларга болгон коомчулуктун терс көз караш, мамилелерин жөнгө салуу үчүн адамдарга туура маалымат берүүгө аракет кылам. Аны маалымат аркылуу гана эмес, жеке өзүмдүн өрнөгүмдө көрсөтүп, хиджаб кийип жүрүп дагы билим алууга, активдүү болууга, кадимкидей эле кызыктуу жашоону түзүүгө болорун далилдегим келет. Айрымдар хиджаб десе эле аялдардын укугу тебеленип жаткандай, түпкү уюткусун жоготуп алчудай, же эскичилик катары кабылдап алышат. Бул кадимки эле кийинүүнүн бир түрү. Жана ал максатыңа жетишиңе, өзүңдү ар тараптан өнүктүрүүгө кедерги болбойт. Ар бир кыздын өзү каалаган нерсени кийинүүгө укугу бар.

– Динде эркек менен аялдын орду кадимкидей эле бөлүнүп каралып, айрым учурларда “кол берип учурашпаш керек” деген чектөөлөр бар экенин угуп жүрөбүз. Келечекте дарыланууга келген бейтаптарыңыз эркек адам болуп калса кандай болот?

– Бул жерде адамдын ниетин эске алуу керек. Мен эгерде эркек бейтаптарды дарылай турган болуп калсам мен аларды өзүмдү канааттандыруу же алардан тукум алуу инстинкти менен эмес, аларды дарылоо үчүн, аларга жардам берип сактап калыш үчүн гана кабыл алып дарылайм. Мисалы, эркек адамдын денесин кумар алуу үчүн кармалоо башка. Жана аны дарылоо максатында кармалоо таптакыр башка нерсе. Анан дагы бир нерсени эске алуу керек. Ислам дини ар бир мусулман баласынын билимдүү болуусун милдеттендирет. Ал эми медицина жагы да бул жаатта сырт калган эмес.

– “Хиджабдын ордуна кыргыз кыздарына тиешелүү кеп такыя, элечек кийишсе” – деген адамдар да жок эмес. Дегеле, улуттук колориттеги жабык кийимдерге көз карашыңыз кандай? Жана кийүүнү каалайсызбы?

– Өтө жакшы көз караштамын. Мен жеке өзүмдүн айтсам, улуттук колориттеги кийимдерди сүйүнүү менен киймекмин, эгер алардын  баалары  абдан  кымбат  болбогондо. Азыркы тапта менин бир нече кыргыз орна-менттери түшүрүлгөн көйнөк-жоолуктарым бар. А чындыгында өзүмдүн кийимдеримди  90%ы  деле  арабдардын  эмес,  улуттук кийимге окшош.

– Сиздин кыялыңыздагы Кыргызстан? Келечекте ислам динин толук туткан өлкөгө айланышын каалайсызбы же азыркыдай эле дин тутуу эркиндиги  сакталып  калган  өлкө боюнча калышын каалайсызбы?

– Кыргызстанды келечекте өнүгүп-өскөн алдыңкы өлкөлөрдүн катарынан көрөм деп үмүт кылам. Бирок, өзүнүн идеологиясын жактаган адам катары алып караганда ар ким ал идеологиясынын ишке ашышын, кыялдарынын аткарылышын каалайт эмеспи. Мисалы демократияны жактаган адам демократиялык өлкөдө, коммунист коммунисттик өлкөдө жашагысы келген сыяктуу эле мен менин идеологиямды жокко чыгарбаган, каралабаган, басынтпаган өлкөдө жашагым келет. Дин тутуу эркиндиги либералдык мамлекетте гана эмес ислам өлкөлөрүндө да бар. Мисалга, Малайзия, Индонезияны алып көрүңүз. Ал жакта Ислам мыйзамы менен жашашат. Бирок, бардык нерселерге карата принциптери сакталат.

– Алдыга койгон кандай пландарыңыз бар?

– Пландарым ого эле көп. Кудай буюрса, аларды ишке ашырууга аракет кылам. Ал эми жакынкы убактагы пландарга токтолсом — өз кесибин эң мыкты билген кесипкөй болуп чыгуу жана хиджаб кийген кыздарга карата болгон чектөөлөрдү, терс көз караштарды өзгөртүүгө өз салымымды кошуу. Эң негизгиси элиме пайдамды тийгизүүнү максат кылам.