Ырчы Малика Дина алдамчылыкка шектелип, баш коргоо чарасы каралат

Бүгүн, 18-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динанын баш коргоо чарасын карайт. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Ырчы Малика Дина алдамчылыкка шектелип кармалган.

Малика Дина Кылмыш-жаза кодексинин 166 (алдамчылык), 350 (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) беренелери боюнча айыпталууда. 9-март күнү айыбы угузулуп, 11-мартта Аламүдүн райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Айта кетсек, 2017-жылдын башында Динара Акулованын кызы Малика Динанын үстүнөн Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине арыз келип түшкөн. Анда ырчынын кызы ижарага унаа алып, аны кайтарып бербей жатканы айтылган.

 

One thought on “Ырчы Малика Дина алдамчылыкка шектелип, баш коргоо чарасы каралат

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *