Желим баштыктарды сатууга жана өндүрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды

Кыргызстанда желим баштыктарды импорттоо, өндүрүү жана сатууга тыюу сала турган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Аны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги иштеп чыкты.

Маалыматка ылайык, бул баштыктар экологияга терс таасирин тийгизип, өзгөчө Ысык-Көлдүн тегерегин булгап жатканы айтылды. Желим баштыктар дээрлик чирибейт. Аны өрттөгөндө бөлүнүп чыккан диоксин жана фуран заттары абада көпкө сакталат. Ал эми Стокгольм конвенциясында аталган заттар айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыяндуу экени жазылган.

Бул мыйзам желим баштыктарды азайтып, кагаз баштыктарга өткөнгө шарт түзмөкчү. Экологдордун пикиринде бул нерсе экологиянын абалын жакшыртууга жардам берет.

Документтин авторлору желим баштыктарды өндүрүп жана сатып жаткан жеке тараптарга 500-1000 сом, юридикалык жактарга — 1000-2000 сом айып салууну сунуштап жатат.

Эске салсак, Мамэкотехинспекция өткөн жумада желим жана башка зыяндуу заттарды жаккан мончолорду текшерип чыккан. Маалыматка ылайык, айрым мончолор желим жана синтетикалык материалдарды — тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, желим бөтөлкө, дөңгөлөк жана эски бут кийимдерди жагып, экологияга зыян келтирүүдө.