Өкмөт көчмөндөр оюндары качан баштала турганын айтты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Көчмөндөр оюндарында спорттун улуттук 36 түрү боюнча мелдештер уюштурулат. Ага дүйнөнүн 80ден ашык мамлекетинин 3 миңге спортчусу катышары болжолдонууда. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Белгилей кетсек, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 307 миллион сом жумшаары айтылган.

Эске сала кетсек, 2016-жылы өткөн II Көчмөндөр оюндарына жалпысынан болжол менен 2 миллиард сом жумшалган. Бул акча каражатынын 90 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.