Айсулуу Тыныбекова жаратына байланыштуу Бишкектеги Азия чемпионатына катышпайт

Айсулуу Тыныбекова алган жаратынан улам Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу  КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тыныбекова машыктыруучулар штабына жана устаты Нурбек Изабековго көмөк көрсөтөт.

Мелдештер 27-февралдан 4-мартка чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ага дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн спортчулар катышат. Кыргызстандын курамасынын аялдар тобуна эркин күрөш боюнча беш спортчу кирген

Программада – чоңдор арасында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча турнирлер камтылган. 30 комплект сыйлык ойнотулат.

Толуктай кетсек, Айсулуу Тыныбекова Аялдар эркин күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын эки жолку чемпиону.