19-февралга карата аба ырайы

19-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз кар жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз 1…6;

Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;

Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.