1618 энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылды

Өлкөдөгү 1618 энеге “Баатыр эне” орденин ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 18-майда кол койду.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык алты баланы төрөп, өстүрүп, тарбия берген 551 энеге “Эне даңкы” медалы берилет.

2016-жылы Энелер күнүн белгилөө алдында жети жана андан көп балалуу 1902 эне Баатыр эне ордени менен, 6 балалуу 437 эне Эне даңкы ордени менен сыйланган.