10 жылга созулган соттук марафон: Мыйзам бирөө, а чечим соттор канча болсо, ошончобу?

Жакында КР Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралды. Коррупция — улуттук коопсуздугубузга шек келтире турган көйгөй экенин белгилеген мамлекет башчы өз сөзүндө: «Бүгүн сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралат. Булар коррупция менен күрөшө турган органдар. Тилекке каршы, коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат. …Соттор ишти атайлап созгон учурлар көп кездешет» деп билдирди.

Мамлекет башчы акыйкат сөздөрдү айтты. Соттор ишти атайлап созгонуна мисал катары, алыс барбай эле, биздин Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясы менен түздөн түз байланышкан соттук иштердеги чалагайымдык тууралуу айткым келет. Быйыл соттордун «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык тараптар уюмунун – аны 1926-жылдын 20-октябрында түзүлгөн Кыр-гыз Респуб ликасынын керек-жарак коомдор союзунун мураскору катары таануу тууралуу арызын караганына 10 жыл болуп калды. Чындыгында, мураскорлук укук маселесин сот органдары карабайт жана каралышы да мүмкүн эмес. Бул жылдардын арасында иш төрт жолу үч соттук инстанциядан өттү жана бул ишти жалпысынан 33 судья карады. Бирок, анын ичинен Бишкек шаардык сотунун үч соттон: Доспаева К.А., Сатыбалдиева Н.А., Асанова Н.М. турган коллегиясы гана мураскорлук укукту соттук тартипте аныктоо мүмкүн эместигин белгилешип, бул ишти өндүрүштөн кыскартылсын деп туура чечим кабыл алышты. 2013-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы А.Сатарова мурда болуп көрбөгөндөй чечим кабыл алып, «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык тараптар уюмунун мураскорлук укугун юридикалык факт катары аныктады жана аталган юридикалык тарапты 1926-жылдын 20-октябрында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын керек-жарак коому союзунун мураскору деп тааныды. Баарыбызга белгилүү болгондой, жарандык мыйзамдар менен кайрадан уюштуруунун тартиби, формасы каралган. Мыйзамдар менен кайра уюштурууну күбөлөндүрүүчү милдеттүү иш тартиби: өткөрүп берүү актысы, бөлүштүрө турган баланс, тийиштүү чечим болушу керектиги белгиленген. Бул көрсөтүлгөн иш тартибин сактабай туруп, мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган кайра уюштурууну каттабайт. Мына ушундай тийиштүү кагаздар жоктугуна карабастан, судья Сатарова А.М. КР Өкмөтүн алмаштырып, кайра уюштурууну жана мураскорлук укукту тааныган. Мына ошентип судьянын жеңил колу менен өткөн кылымдын башында түзүлгөн юридикалык тараптын укуктуу мураскору болууга болот. Маселе мындай, 1996-жылдын 12-апрелинде, Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясы түзүлгөн учурда, кооперативдер ассоциациясын жана бирикмелерин (союздарын) кайра уюштуруу, түзүү шарты – 1991-жылдын 12-декабрындагы №647-XII “Кыргыз Республикасындагы кооперация жөнүндө” мыйзамы жана 1964-жылдын 30-июлундагы Кыргыз ССРинин Жарандык кодекси тарабынан жөнгө салынган. Каттоо маселеси “Кыргызстан Республикасындагы кооперация жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргызстан Республикасынын Өкмөтүнүн гана компетенциясына кирген. Сот тарабынан юридикалык мааниге ээ фактыны аныктоону караган процессуалдык мыйзамдуулук талаптары бузулган. Мындай суроо мыйзамда фактыны аныктоонун башка тартиби каралбаган болсо гана каралышы мүмкүн. Белгилүү болгондой, юридикалык тараптарды кайра уюшту-руу тартиби Жарандык кодекс, кооперация жөнүндө мыйзам менен тартипке салынган. 2013-жылдын 12-июлунда судья Сатарова А.М. тарабынан кабыл алынган чечимди эгер 2013-жылдын 4-мартында судья Сатарова А.М. тарабынан укук тууралуу талашты аныктаган аныктама чыгарылбаган болсо, судья укук тууралуу талашты билбеши мүмкүн эмес деп, судьялык катачылык катары караса болор эле. Арийне, ал өзү соттук актыда териштирүүнүн жүрүшүндө укук тууралуу талаш келип чыккандыктан, тарап-тарга доо арыз менен сотко кантип кайрылуунун тартибин түшүндүрүп жатпайбы.

Ошентип,  сыйкырдуу  жол  менен 1996-жылы түзүлгөн кооперативдер ассоциациясы «талашсыз тартипте» 1926-жылдын 20-октябрында түзүлгөн уюмдун укуктуу мураскору болуп калды. Аябагандай чоң мүлккө болгон укук тууралуу талашта эмнеге маселе мындай чечилип калды? Кокусунанбы, же судьянын да мүлктүк кызыкчылыктары болгонбу?

Судья Сатарова А.М. КР Өкмөтүнүн архивинен  алынган  документтердин көчүрмөсүн четке кагып, Өкмөттүн өкүлү келбегендигине байланыштуу эсепке алган эмес. Ошол эле маалда “Кыргыз кооперативдер союзу” юридикалык тараптар уюмунун 20 жыл өткөн соң берилген жасалма документтерин чечимге негиз катары кабыл алган. Судья Сатарова А.М. “Кыргыз кооперативдер союзу” юридикалык тарап-тарынын доо арызы канааттандырылсын: 1926-жылдын 20-октябрында катталган КР керек-жарак коому союздарынын кайра уюштуруунун жыйынтыгында түзүлгөн кооперативдер ассоциациясынын мураскорлукка укуктуулугу юридикалык фактысы аныкталды деп чечим кабыл алды.

Биздин  апелляциялык  арыз  боюнча аталган соттун чечимин кайрадан караган Бишкек шаардык сотунун судьясы Алибаев А.И. (доклад жасаган судья) райондук соттун соттук актысын ошол бойдон көчүрүп алып, жогоруда көрсөтүлгөн чечимди өзгөртүүсүз калтырган жана каршы пикирди четке каккан. Судья Алибаев А.И. КР Өкмөтүнүн архивинен алынган документтердин көчүрмөсүн четке кагып, Өкмөттүн өкүлү келбегендигине байланыштуу эсепке алган эмес. Ошол эле маалда “Кыргыз кооперативдер союзу” юридикалык тараптар уюмунун 20 жыл өткөн соң берилген жасалма документтерин чечимге негиз ката-ры кабыл алган.

Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Алибаев А.И. буга окшогон мыйзамсыз чечимдери менен «даңкы» чыкканы, КР Президенти С.Ш.Жээнбековдун элегинен өтпөй калганы, балким, бекеринен эместир. Кыргызстан эли мамлекет башчынын  сот  системасындагы  коррупция тууралуу айткандарын кош колдоп колдойт, сот бийлигинен мыйзамдуу жана негиздүү чечимдерди кабыл алат деп күтөт.

Мураскорлук  укук  тууралуу  талаш  – Кыргыз керек-жарак коомунун курамына кирген көптөгөн юридикалык тараптардын мүлктүк укугуна тиешелүү болушу мүмкүн болсо да, судья тарабынан өзгөчө өндүрүштүк тартипте каралган. Белгилеп кетчү нерсе, жарандык процессуалдык мыйзамдарда өзгөчө өндүрүш эгер укук тууралуу талаш жок болгон учурда гана каралышы мүмкүн. «Кыргыз кооперативдер союзунун» мураскорлукка укуктуулугунун маселеси – ал пайда болгон мезгилден бери билгичтик менен ойнолуп келатат, карыздар боюнча доо коюлуп, аны төлөшкө келгенде, алар советтик керек-жарак коомуна тиешеси жок болуп чыга келишет, а качан мүлктү алыш керек болгондо – алар мураскор. Сатарова А.М.дин чечими мүлктүк талаштын кайра-дан уланылышына апкелет. Себеп дегенде «Кыргыз кооперативдер союзу» советтик Кыргыз керек-жарак коомунун мүлкүн алууга талаптануу үчүн өзүнүн мураскорлукка укуктуулугун өздөрү айтмакчы, «ал кайда болбосун жана ал эмнеде көрүнбөсүн» белгилешет. Соттун чечими менен мүлктү рей-дерлик басып алууга жол берилди.

Арыз  берүүдө  юридикалык  фактыны  аныктоо  максатын  милдеттүү  түрдө көрсөтүүсүн талап кылган процессуалдык мыйзамдардын талабын бузуу менен сот арызды өндүрүшкө алып койгону кызык. Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясынын баштапкы арыздарында өздөрү белгилегендей «ал кайда болбосун жана ал эмнеде көрүнбөсүн», кийинкиде советтик Кыргыз керек-жарак коомунун мүлктөрүнө менчик укугун аныктоо үчүн алардын мураска укуктуулугун аныктоо керек деп көрсөтүлгөн. Бул көрсөтүлгөн укук тууралуу талаш бар шартта, иш өзгөчө өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн эмес. Бул жагдайда иштин өзгөчө өндүрүш тартибинде каралышы мүмкүн эместиги тууралуу бир нече жолу Бишкек шаардык сотунда жана КР Жогорку сотунда көрсөткөнбүз.

Кооперативдер ассоциациясы үчүн ишти өзгөчө өндүрүштө кароо ыңгайлуу, себеби мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттүү иш тартибинен кыйгап өтүү менен, соттун бир чечими менен, чечимде мүлктүк укуктары жана кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон бардык кызыктар тараптарды тартпастан, советтик Кыргыз керек-жарак коомунун укуктуу мураскору таанылат.

Муну менен сот процессуалдык мый-замдардын талаптарын бузуу менен өзүнүн чечиминде юридикалык фактыны аныктоонун максатын көрсөткөн эмес. Бул жагдай ошондой эле апелляциялык инстанцияда жокко чыгарылбаган. Мүмкүн, соттор аң-сезимдүү түрдө эле юридикалык фактыны аныктоо максатын көрсөткөн эместир, себеби, түшүнүктүү тигилер кийинкиде Кыргыз керек-жарак коомунун бардык мүлкүн алууга тырышып жатпайбы.

Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясы КР Өкмөтүнүн 1996-жыл-дын 27-апрелдеги №189-токтому менен керек-жарак  кооперативдеринин  жана коомдорунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн чогулушунун токтомунун негизинде катталган.  Анда  «Кыргыз  Республикасынын керектөөчүлөр коомдорун бириктирген союзду (Кыргыз керек-жарак коому) жоюу менен, Кыргыз Республикасынын кооперативдер ассоциациясы түзүлсүн» деп көрсөтүлгөн. Кооперативдер ассоциациясынын уставында укукка мураскорлук тууралуу эскерилген эмес.

Ошону менен бирге сот кооперативдер  ассоциациясынын  каттоо  маселеси боюнча жападан жалгыз мыйзамдуу чечим, ошондой эле мыйзамга ылайык, сот чечим кабыл алууда жетекчиликке ала турган нормативдик-укуктук акты болуп эсептелген КР Өкмөтүнүн бул токтому да этибарга алынбай калган. Сотко КР Өкмөтүнүн архивинен көр-сөтүлгөн документтердин күбөлөн дүрүлгөн көчүрмөлөрү берилген, бирок да судья Сатарова А.М. аларды күмөн санап, “Кыргыз кооператорлор союзу” берген кооперативдер ассоциациясынын жасалма документтерин негиз кылып алды.

Кызыкдар тараптар 20 жыл өткөндөн кийин берилген протоколдордун жасалмалуугун көрсөтүп, судьянын көңүлүн юри-дикалык тарапты каттоо учурундагы КР Өкмөтүнүн тийиштүү документтерин жетекчиликке алыш керектигине бурду.

«Кыргыз кооперативдер союзу» берген документтердин жасалмалуулугу соттук экспертизанын мамлекеттик борборунун эксперттеринин комиссиялык бүтүмү менен аныкталган.

Сот өзүнүн бүтүмдөрүн экспертиза жасалмалуулугун аныктаган жалган протоколдорго таянып чыгарган! Ушул жерден суроо туулат, эмне үчүн сот каттоо органынын, азыркы жагдайда КР Өкмөтүнүн документтерин жетекчиликке албайт да, ал өз чечимин жасалма документтерге таянып чыгарат? Судья Сатарова А.М. өз чечиминде КР Өкмөтү кооперативдер ассоциациясы тарабынан берилген жасалма документтердин негизинде кайра уюштуруу болгондугуна

байланыштуу кайра катталган деген тыянакка келген. Биринчиден, бул документтер жасалма экендиги экспертиза менен тастыкталган, экинчиден КР Өкмөтүнүн токтомунда мындай чечим кабыл алынган эмес. Судья Сатарова А.М. КР Өкмөтүнүн токтомун бурмалап, өзү каалаган жыйынтыкка келген. «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык тараптар уюму көрсөткөн протоколдор Өкмөттө каттоо учурунда берилген эмес. Бул ал мезгилде дегеле болбогондугунан кабар берет. Сот таяна турган жападан жалгыз документ «Кыргыз кооперативдер союзу» юридикалык тараптар уюмунун 20 жыл өткөндөн кийин мураскорлукка укуктуулугун аныктоо үчүн сотко берген жасалма документтери эмес, Өкмөттүн архивинде сакталган, кооперативдер ассоциациясын каттоо үчүн сунуш кылынган протоколу, КР Өкмөтүнүн 1996-жылдын апрелиндеги чечими болуп эсептелет.

Соттор  өз  чечиминде  КР  Жогорку Арбитраждык  сотунун  Президиумунун 1997-жылдын 12-февралындагы чечимине таянышкан. Бирок, соттор өз чечимин чыгарууда КР Конституциялык сотунун Арбитраждык соттун ал чечими конституцияга каршы келет деген чечими бар экендигин эске алышкан эмес. Себеби, 1999-жылы Кыргыз кооперативдер ассоциациясы өздөрү Конституциялык сотко арыз менен кайрылып, арбитраждык соттун чечими конституцияга каршы жана аткарууга жатпайт, кыргыз кооперативдер ассоциациясы Кыргыз керек-жарак коомунун мураскору эмес деген чечим чыгартып алган. Бул жагдай соттор КР Конституциялык соту тарабынан жокко чыгарылган документтерди өз чечимине таяныч кылып, жыйынтыкка келгендигин көрсөтүп турат.

НАЗАРМАТОВА К.М., Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын ректору, КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, профессор