Таласта «балык кармайм» деп кеткен аялдын сөөгү табылды

Талас облусунун Талас шаарында суунун жээгинен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 62 жаштагы аял 17-февраль күнү үйүнөн балык кармоо үчүн чыгып кетип, кайра келген эмес.

18-февраль күнү саат 08:55те ӨКМдин 12 куткаруучусу, РИИБдин жети кызматкери жана туугандары издөөгө чыгып, бир сааттан кийин анын сөөгүн Талас дарыясынын жээгинен табышкан.

Булак: Спутник