Аламүдүндө энеси баштыкка салып, катып койгон ымыркай чарчап калды

Чүйдүн Аламүдүн районундагы Восток айылында энеси баштыкка салып жашырган наристе чарчап калды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган айылдагы фермалардын биринде иштеген 32 жаштагы аял төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына жашырып койгон. Ферманын башка кызматкерлери наристени тапкан учурда, ал эсине келбей чарчап калган.

Учурда бул окуяны милиция териштирип баштады.

Булак: Азаттык