ӨКМ эсебине жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандар үчүн 4,5 млн сомго жакын түштү

КР ӨКМ эсебине Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендер үчүн акча каражаттары түшүп жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

18-май 11:00гө карата КР ӨКМ эсебине 2017-жылдын 3-майындагы Чоң-Алай районундагы жер титирөөдө жабыр тарткандар үчүн 2 млн 52 миң 184 сом түшкөн.

18-май 11:00 гө карата КР ӨКМ эсебине Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Аюу айылындагы жер көчкүдөн жапа чеккендер үчүн 2 млн 355 миң 452 сом түшкөн.

Эскерте кетсек, Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккендер үчүн жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которууга атайын эсеп ачылган.