Түшкөн кар көчкүдөн улам, Мырзаке-Алайкуу унаа жолу убактылуу жабык

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-102-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Ведомстводон билдиришкендей, кар көчкүдөн улам адам өмүрүнө зыян келген эмес. №26 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 3 жүктөгүч жана 5 кызматкер тартылып, жол бир тараптуу ачылып, кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кеңейтүү иш-чаралары бүгүн улантылат.