Ошто батирден адамдын жансыз денеси табылды

19-февралда Ош шаарында болжол менен 11:12лер чамасында батирдин ичинде бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, маркумдун кошуналары анын эшикке чыкпай калгандыгын айтып, милицияга кайрылган. Эшикти ачып берүү үчүн барган ӨКМдин куткаруучулары Анар кичи районунун №9 көп кабаттуу үйүнүн 14-батирининен 61 жаштагы кишинин сөөгүн тапкан.

КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары  Батирдин ичинде 1957-жылы туулган С. Ю. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, ИИМнин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.