Кочкор-Атада кафеде жарылуу болуп, төрт адам жабыр тартты

Кочкор-Ата шаарындагы «Азия» кафесинин нан бышыруучу бөлмөсүнөн газ баллон жарылып, төрт адам жабыр тартты. Бул тууралуу Жалал-Абал ОИИБинин маалымат кызматына шилтеме берип Sputnik Кыргызстан агенттигинин  билдирди.

20-февраль күнү саат 4.30дар чамасында болгон жарылуудан жабыр тарткан төрт адам ооруканага жеткирилген.

«Алардын үчөө Өзбекстандын Наманган шаарынын, бирөө Токтогул районунун тургуну экен. Өзбекстандыктар ошол эле кафеде иштеп, Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринде мыйзамдуу каттоодо турган. Ал эми кыргыз жараны Токтогулдан Кочкор-Ата базарына балык алып келгени аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсыктын себептерин аныктоо максатында атайын экспертизалар дайындалып, Ноокен РИИБинин ыкчам тергөө тобу иш алып барууда.