Антон Землянухин “Атырау” клубуна өттү

Кыргызстандык футболчу Антон Землянухин Казакстандын “Атырау” футбол клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу аталган клубдун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы курамада Землянухин 7 номерде ойнойт.

КР курамасынын жарым коргоочусу “Атырауга” өткөнгө чейин Россиянын “СКА-Хабаровск” командасында ойногон.

Эске сала кетсек, Землянухин КР улуттук курамасында 20 оюнга катышып, тогуз жолу атаандаштардын дарбазасына гол киргизген.

Булак: Кабар