Ошто миңге жакын энеге баалуу белектер берилди

18- май күнү С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында энелер күнүнө арналган майрамдык иш чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышты.

Шаар мэри бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилеп, жалпы апаларды энелер күнү менен куттуктады.

Майрамдык иш-чаранын негизинде 1000ге жакын энелерге баалуу белектер тапшырылып, Улуттук Филармониянын ырчылары Саламат Садыкова, Султан Каримов жана башака эстрада жылдыздарынын, Ак Марал бий тобунун коштоосунда концерттик программа тартууланды.