Бишкек-Ош жолунда кырсыктан бир өспүрүм жабыркады

Бишкек-Ош автожолунда күйүүчү май ташыган автоунаа оодарылып, жол кырсыгынан 12 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, окуя кечээ кечинде аталган кара жолдун 68-чакырымында, Чүй облусунун Жайыл районунда болгон. Мазут ташыган “MAN” үлгүсүндөгү машина жолдон чыгып, чиркегичи оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен автоунаа жолду туура эмес жерден чуркап өткөн баланы сүзүп кеткен.

12 жаштагы өспүрүм 12 жашта Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя болгон жерде 15 тонна мазут төгүлгөнү аныкталды. Кырсыктын себептерин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын аймактык бөлүмү иликтөөдө.

Булак: Азаттык