Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ: «Коррупция – мамлекеттин денесиндеги кара шишик, аны терапия жолу менен дарылоо мүмкүн эмес»

КР Коопсуздук кеңешинде Президент С.Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү, айрыкча “Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө гана натыйжа болот, мен бул күрөштүн башында турам” деген чакырыгы коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болууда. Өлкө башчысын алгачкылардан болуп колдоп чыккан коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев: “Ырасында эле, коррупцияга каршы күрөш жалпы улуттук көйгөй. Андыктан, бул күрөштө биз президентке көмөктөш болууга тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөш жалпы улуттук кыймылга айланышы керек” деп билдирүү жасады.

Ал коррупцияга каршы күрөш эмне үчүн жалпы улуттук кыймылга айланышы керек деген позициясын: коррупция кечээ эле жети  баштуу  ажыдаар  болсо,  ал бүгүн 100 баштуу ажыдаарга ай-ланганы, коррупция мамлекеттин денесиндеги кара шишик экендиги, аны терапия жолу айыктыруу-га мүмкүн болбой калгандыгы, ал кара шишикти операция жолу ме-нен кесип алып таштабаса, башкача жол жок экендиги, тилекке каршы, С.Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө көп каршылыктарга учурашы мүмкүндүгү, себеби коррупцияга кокосунан аралашкандар ага кыянаттыкка баруудан тартынбай турганы, коррупцияга каршы күрөшө турган органдар өздөрү коррупциялашып кеткендиктен, Президентти алардын 10%ы гана колдоп, калганы колдобой коюшу ыктымалдыгы ме-нен түшүндүрдү.

Т.Тургуналиевдин коррупцияга каршы үчүн жалпы улуттук кыймыл түзүү сунушунда келтирген жүйөлөрү көңүл бурууга арзыйт. Президент С.Жээнбеков да өз сөзүндө коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар: прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатканын белгилеген болчу.

Мамлекет башчынын бул кадамдарын чечкиндүүлүк катары бааласак болот. “Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганыөтө кооптуу” эмей эмне? Кыргыз мындайда: “ишенген кожом сен болсоң, алды алдынан тал карма” деген эмеспи. Мындан сегиз жыл мурда коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик бийликти тазалоо (люстрация) жөнүндө” мыйзам долбоору депутаттар тарабынан колдоого ээ болбой келатканынын өзү көп нерседен каңкуулап турат. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде: “Бул мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку бийлигинде, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот тармактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, шайлоо комиссияларында, массалык маалымат каражаттарында иштеген кызматкерлердин жана бул чөйрөлөргө дайындоого, шайлоого талапкерлердин коррупциялык кылмыш иштери болсо аныктап, Кыргызстандын өсүшүнө кечирилгис зыян келтирип жаткан андай адамдардан мамлекеттик бийликти тазалоо максатына багышталган” делет, бир сөз менен айтканда аталган мыйзам долбоору мамлекеттик кызматты коррупционерлерден тазалоого багытталган. Долбоордо коррупция – кечирилгис оор кылмыш жана чыккынчылык катары бааланган.

“Мамлекеттик бийликти коррупциялык максатта узурпациялоого, элге каршы жеке жана үй-бүлөлүк, топтук кызыкчылык үчүн кыянаттык менен пайдаланганы, авторитардык бийликти, тоталитардык диктатураны орноткону; улуттун ыйык жерлерин коррупциялык кызыкчылык үчүн башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө сатканы, өткөрүп бергени; шайлоолорду, референдумдарды бир адамдын, бир үй-бүлөнүн, саясый партиялардын баюу пайдасына бурмалаганы; табият байлыктарын мыкаачылык түрдө канабайрам кылганы… кылмыш жообуна тартууга негиз болот” делет мыйзам долбоорунда.

Талаш жок, бул долбоор бүгүнкү күн үчүн эң зарыл. Анда эмнеге мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдогон жок? Суроо мына ушул жерде. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Т.Тургуналиевдин айтуусунда, Жогорку Кеңеште коррупцияга малынган жана коррупциялык кызыкчылыктары бар депутаттар көп. А мыйзам долбоорунун ар бир жобосу аларга каршы. Ошондон улам, алар аталган мыйзам долбоорун кабыл алууга каршылык кылууда. “Жогорку Кеңештин депутаттарынын шиши капкачан толгон. Бул мыйзам долбоору ошол шиши толгондорго каршы жазылган. ЖКда 120 депутат отурса, анын 100ү таза эмес. Демек, алар бул мыйзам долбоорун эч качан карабайт жана кабыл албайт. Алар өздөрүнө өзү аң казмак беле. Жогорку Кеңешти коррупцияга аралашкан депутаттардан арылтышыбыз керек” деди ачууланган Т.Тургуналиев.

Ошондой эле, ал кеп Жогорку Кеңеште да эмес, кеп парламенттик шайлоо партиялык тизме менен өткөндүгүндө болгонун баса белгиледи. Партиялык тизмедеги орундар Ош базарындагы соода орундарындай эле сатылганын, акчалуулар партиялык тизменин баш сабынан орун алып, акчасы жоктор тизменин арткы сабында калганын белгилеп өттү: “Акчасы барлар бир күн ошол партияга кызмат кылбай, ал партияга мүчө болбой туруп, тизменин алдыңкы сабынан орун алды. А партияга көп жылдап кызмат кылгандар, эмгеги сиңгендер, эң башкысы адамгерчилик парасаты бийик жана саясый көрөңгөсү да жогору адамдар тизменин сыртында же аягында кала берди. Шайлоо баштала элек жатып, минтип акча-товар мамилеси алдыга чыккан партиялардан эмнени үмүтөтсө болот?” деп суроо койду Т.Тургуналиев.

Аксакал коомдук ишмердин ачуусу келгендей эле бар. “20-кылымдын 90-жылдарынан бери коррупциянын деңгээли боюнча анын сормо сазына башына чейин батып калган өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан да бар. Дүйнөнүн 176 мамлекетиндеги алдым-жуттумдарды тынымсыз изилдеген “Fredom hause”, “Interferensy International” уюмдарынын маалыматы боюнча бүгүн биздин өлкө 137-орунда. Бул маалымат анын президентке кайрылган кайрылуусунда айтылат.

Т.Тургуналиев белгилегендей, шылуунчулук, паракорчулук менен күрөшө турган бийлик органдары, кызматчылар коррупция ме-нен чечкиндүү күрөшүүнүн ордуна көмөктөш болуп калган. Коррупциянын айыкпас эпидемиялык жугуштуу оорусуна чалдыккан чиновниктер, “эл өкүлдөрү” аттуу көшөгөгө жамынгандар эбактан белгилүү, кылмыш иш козголсо да, кылтактан кутулуп жүргөндөр эл үчүн эмес, элдин нукура кызыкчылыгына каршы иштеп, эзелтен аруулукту эңсеген, ыймандуулукту, адептүүлүктү, жан дүйнөнүн тазалыгын көздөгөн элибизге, өзгөчө жаштарыбызга, ал түгүл бала-чакаларыбызга чейин коррупция – азыркынын кара тумоо таасирин тынымсыз тийгизип турат. Мамлекеттик бийликти тутуп тургандардын коррупциянын туткунундагылары улуттук пассионардык рухунан тайып, айыкпас адеп-ахлактык деградацияга чалдыккан, жан дүйнөнүн керемет касиетинен ажырап, көрпенделик арам байлыктын кулу болуп калган.

Ушул  жерден  төмөнкү  суроолор жаралат: Эмне үчүн Жогорку Кеңеш 2010-жылдан бери аталган мыйзам долбоорун четке кагып келатат? Эмне үчүн Жогорку Кеңеш өз учурунда коррупция менен күрөштө экс-президент  А.Атамбаевге  толук  колдоо  көрсөткөн  жок?  Болуптур, аны өткөн чак дейли, мы-на эми бул жолу Жогорку Кеңеш президент С.Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн колдойбу же колдобой, өз арасындагы коррупцияга аралашкан  коллегаларынын  таламын  талашып, аларды  коргойбу,  аны  жакынкы  убакыт көрсөтөт.

Бүгүн Президент С.Жээнбековдун Коопсуздук кеңешиндеги сөзүнөн кийин сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши да коомчулуктун сынына коюлду. Буга чейин “коррупция менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып, өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатканы” эл арасында белгилүү болсо да ачык айтылган эмес.

“Мамлекеттин өзөгү болгон сот органдарында, прокуратурада, финансы полициясында, улуттук коопсуздук комитетинде жана ички иштер органдарында коррупциянын орун алганы”, натыйжада “чоң кылмыштар ачылбай, майда кылмыштарга гана көңүл бурулуп, бийликтин жогорку эшелондорунда тургандар кол тийбес болуп калганы” жаап-жашырылып келген.

Андыктан,  коомдук  ишмер  Т.Тургуналиевдин “Мамлекеттик бийликти тазалоо (люстрация) жөнүндө” мыйзам долбоору сыяктуу коррупциянын кокосуна сайылган мыйзамдарды кабыл алып, коррупцияга каршы күрөшүүнү жалпы улуттук кыймылга айлантуу демилгеси колдоого арзыйт жана бул демилгени Президент С.Жээнбеков да колдойт деп ойлойбуз.