Вторник, 7 мая, 2024
19.1 C
Бишкек

Аялдарга ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Аялдарга жашыруун төрөп, ымыркайын беби-бокска таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзөбүз. Бул туурасында Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Элвира Сурабалдиева буга чейин ымыркайларды ташталган жеринен тирүү таап жатышса, кечээ Сокулукта бирөөнүн сөөгү табылганын билдирди. Мындан улам ал өкмөттү беби-бокстарды уюштурууга чакырды.

“Балдарга жакшы түшүндүрүп жеткире албай жатат окшойбуз. Ким болбосун (төрөтканага) келсе төрөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Купуя болсун десе жашыруун кылып коёбуз. Анан беби-бокстарды сатып алып коюп койгула деп айттым эле, ошонун үстүндө иштейбиз”, — деди өкмөт башчы.

Беби-бокс — төрөтканада көз жарган аял өзү жөнүндө маалыматты жашырып, наристесин калтырып кетүүгө ылайыкталган ящик.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар