Воскресенье, 5 мая, 2024
11.1 C
Бишкек

Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-апрелине карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 84 миң адамды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 15%га аз, анын ичинен 61,7 миң адам жумушсуз катталган, же 17,3% аз.

Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,7%ы аялдарга туура келет.

Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,3%ды түздү.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар