7-8-сентябрда Баткен облусунда “Журналисттер коомдук бирикмесинин кезектеги “Ийгиликке кадам-III” форуму болуп өттү. Форумга катышкандар бул иш-чарада журналисттерге керектүү маалыматтар, тажрыйбалар бөлүшүлгөнүн айтышып, уюштуруучуларга ыраазы болушууда. Форумду улай аталган бирикменин төрагасы Нурдин ДҮЙШӨНБЕКОВду кепке тарттык.
– Нурдин мырза, 7-8-сентябрда журналисттердин Журналисттер коомдук бирикмеси менен Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата “Ийгиликке кадам” форуму болуп өттү. Бул форумдун максаты кандай эле, ал максатына жеттиби?
– Бул “Ийгиликке кадам” форумунун биринчиси 2019-жылы Ошто, экинчиси 2021-жылы Нарын облусунда өткөн. Аймактык журналисттерди колдоо иретинде форумдун үчүнчүсү быйыл Баткен жергесинде өткөрүлдү. Бул форум журналисттердин чыныгы кесиптик форуму болгондуктан анын жүрүшүндө саясий же башка өңүттөгү маселелер каралбайт. Болгону журналисттер бири-бири менен тажрыйба алмашып, кайсы бир редакция же журналист өзүнүн жетишкен ийгиликтери менен бөлүшөт. Экинчиден, форум ар башка аймактардагы журналисттердин ортосундагы байланышты, ынтымакты, тилектештикти бекемдөө максатын көздөйт. Алсак, жакында эле эки спикерибиз чет өлкөгө барып журналистика, блогерлик, социалдык тармак боюнча билим, тажрыйба алып келишкен. Форумда алар өз ойлорун, алган билимдерин ортого салышты.
– Бизде союз мезгилинде бардык журналисттерди баш коштурган Кыргызстан журналисттер союзу турганда ушул “Журналисттер” коомдук бирикмесин түзүүнүн зарылчылыгы бар беле?
– Башка уюмдар тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок, бүгүнкү күндө мындай уюм керек. Себеби, канча жыл илгери жазма журналистика гана болсо, кийин радио, телевидение пайда болду. Андан соң видео-формат, социалдык тармак кеңири жайылып, блогерлер чыкты. Алар кандайдыр бир деңгээлде журналисттерге атаандаш болуп, аудиторияны алып кетти. Бирок, коомчулукта блогерлер журналистикалык стандарттарды, этиканы сактабайт деген дооматтар айтыла баштады. Ушундай жагдайда бирдиктүү бир уюмдун болгону жакшы. Мына өзүңүздөр билгендей, быйыл мамлекет “Мейкин” аттуу ЖМКлар арасындагы конкурсту жарыялады. Ага мамлекеттик журналисттер менен кошо эле көз карандысыз редакциялардын кызматкерлери, блогерлердин да катышуусуна мүмкүнчүлүк берилип, өлкөдө бирдиктүү бир медиачөйрө түптөлсүн деген максат коюлуп жатат. Бул конкурстун демилгечилери кайсы журналист өз ишин мыкты көрсөтө алса сыйлык ошого берилет жана муну менен журналисттердин ынтымагы чыңдалат деген ойду айтып жатышат. Менимче, бул эң туура кадам болду. Буюрса, бул ийгиликтүү болот деп ойлойм. Мына ушу сыяктуу эле журналистикадагы маселелерди ортого салып, кеңешип, тажрыйба алмашып турганга атайын бир уюм, аянт керек.
– Форумга катышкан кесиптештер бардык сессияларда журналисттерге керектүү кеңештер, тажрыйбалар ортого салынганын айтып жатышат. Муну эки-үч жылда бир өткөрбөй, жылыга мастер класс катары да өткөргөнгө шарт жокпу?
– Андай иш-чараларды буга чейин биздин бирикме жасап келе жатат. Алсак, “Медиа кербен” деген долбоорубуздун алкагында күчтүү тренерлер ар башка аймактарга барып семинарларды өткөрүп келишкен. Тилекке каршы, мындай нерселерди тез-тез уюштуруу барып келип эле акча каражатына такалат экен. Ага карабай биз журналисттердин майнаптуу иштеши үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө аракет кылып келебиз. Мисалы, Баткендеги каргашалуу окуядан соң биздин демилге менен журналисттер Баткендеги кесиптештерге акча чогултушкан. Бирок, баткендик кесиптештер аны жабыркаган тургундарга беришти. Мындан сырткары, биз журналистикага байланыштуу түрдүү видеосабактарды өткөрүп келе жатабыз. Ал сабактарды азыр да Ютубда көрүүгө болот.
– Жакында “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилгени жатат. Ага чейин бул мыйзам боюнча ар кандай пикирлер айтылды. Бул багытта “Журналисттер” коомдук бирикмеси эмне иш жасады?
– Өзүңүздөр билгендей бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинде алгач карала баштаганда эле маселе жаралып, Президент кайра артка чакыртып алган. Кийин мыйзам көз карандысыз эксперттер, журналисттер, юристтердин жардамы менен кайра иштелип чыкты. Эки жыл бою бул мыйзам долбоорун талкуулоого, кайра иштеп чыгууга активдүү катыштык. Мен билгенден эле бул мыйзам боюнча төрт жумушчу топ түзүлгөн. Ушул жумушчу топтор менен кызматташып, мыйзамдын чийки жерлерине, кийин маселе жарата турган жактарына оңдоо, түздөөлөрдү киргизүүгө салым коштук. Буюрса, мурдагы ЖМКлар жөнүндө мыйзамындай жаңы мыйзам дагы 30 жыл жакшы иштеп берет го деген үмүттөбүз.
– Ушул “Ийгиликке кадам-III” форумунун мурунку форумдарга салыштырмалуу кандай өзгөчөлүгү болду?
– Аны уюштуруу бир аз татаалыраак болду. Жакшы жагы башка облустардан келген кесиптештерди Баткенге учак менен учурдук. Стратегиялык маанилүү облусубузга самолёттун учуп жатканын мен Баткен тургундарына болгон жакшы камкордук катары түшүндүм. Анан Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустук администрация, Баткен мэриясы бизди жылуу кабыл алып, Мадыген геопаркына экскурсия уюштуруп, жакшы колдоо көрсөтүштү. Бул үчүн аларга терең ыраазычылык билдирем. Форумдун себеби менен айрым журналисттер Баткенге биринчи жолу барышты.
Экинчиден, иш-чаранын программасын түзүүдө биз бул аймактык журналисттердин форуму экенин эске алдык. Сессияларды түзүүдө башкармалыктын мүчөлөрү кеңешип, аларды кызыктуу, пайдалуу, натыйжалуу кылганга аракет кылдык. Алсак, «Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгы» сессиясына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Салкын Сарногоева спикер болду. «Учурдагы жаңы медиалар көңүлгө алуучу жагдайлар» аттуу сессияны чыгаан журналист Марат Токоев өткөрдү. «Жамааттык медиалардын ролу жана өнүгүүсү» сессиясында журналисттер эле эмес жергиликтүү активисттерден медиа түзүлүп, активдүү иш жүргүзүлүп жатканы айтылды. «Кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү» сессиясында акындар тууралуу, аймактык медиалар жергиликтүү пресс-катчылар менен кантип иштеши керектиги тууралуу кызык тажрыйбалар бөлүшүлдү. Анан Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКларды түзүү, башкаруу, контент жаратуу, алардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча Кайыргүл Урумканова мыкты презентация кылды. Белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотовдун «Азыркы кыргыз журналистикасындагы грамматикалык жана стилистикалык каталар жөнүндө» сессиясы аябай кызыктуу болду.
Ушул сыяктуу сессиялар бир мезгилде эки жерде болуп жатты. Журналисттер өздөрүнүн табитине жараша бөлүшүп алышып, аларга катышышты. Бирок, катышпай калган сессиясын эми кесиптештер Ютубдан көрүп алса болот. Ал боюнча презентацияларды азыр катышуучуларга жөнөтүп жатабыз.
– Форумдан соң айрым кесиптештерибиз бул иш-чараны улай эле журналисттерге ошол аймактын көйгөйүн, жетишкендиктерин, орчундуу жагдайларын чагылдырганга да мүмкүнчүлүк түзүлсө болмок деген пикирлерин айтышты. Кийинки форумдарда бул эске алынабы?
– Албетте, бул деле биздин оюбузда бар. Бирок, биринчиден, аны уюуштурганга кайра эле акча каражаты керек. Экинчиден, 10-сентябрдан кийин да ал жакта эки жыл мурун болгон каргашалуу окуяга байланыштуу өткөрүлчү иш-чаралар бар болчу. Аны да ойдогудай өткөрүү боюнча облустук администрация менен кеңешкенбиз. Ошол себептен жана 8-сентябрь Журналисттердин эл аралык тилектештик күнү болгонун эске алуу менен форумду 7-8-сентябрга туураладык. Буюрса, кийинки форумда шартка жараша муну эске алганга аракет кылабыз. Себеби, ар бир аймактагы эл, журналисттер башкаларга өз жериндеги ишканаларды, кооз жерлерди, көйгөйлөрдү көрсөткүлөрү келишет. Муну айтканым, бул жолу облустук администрация Баткен окуясында талкаланып, кийин калыбына келтирилген эки айылды көрсөткүлөрү келген. Убакыттын тартыштыгынан ал жакка кайрыла алган жокпуз.
– Учурда журналисттер бири-бири менен акыйнек айтышып калып жатышат. Бул форумга улуу, кичүү муундагы жана мамлекеттик, көз карандысыз оппозициялык багыттагы журналисттер да барышыптыр. Бул иш-чара алардын ынтымакташуусуна да өбөлгө болсо керек…
– Форумдун сессияларында журналисттердин кесиптик ишине, жасаган жумушуна жараша кызыктуу темалар козголгондуктан бул жерде талашып-тартыша турган деле жагдай болгон жок. Тескерисинче, жеке менчик ютуб канал иштетеби, мамлекеттик гезитте иштейби, баары жакшы пикир алышышты. Сессиялардан сырткаркы кечки тамактануу убагында, экскурсия мезгилинде журналисттер бири-бири менен тыгыз баарлашышты. Ошондуктан бул форум биздин негизги максаттарыбыз болгон журналисттер тилектештигин бекемдеди десек болот.
– Баарыбызга белгилүү болгондой, эл жүгүн аркалаган мыкты журналисттердин көбү материалдык жактан, кээде юридикалык жактан жабыркап келишет. Келечекте аларга ушул жагынан кам көрүү боюнча кандай максаттар бар?
– Бул боюнча бизде жакшы идеялар бар. Бул форумдун бир сессиясында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча маалыматтар берилмек. Ошону менен бирге ушул сессияда журналисттерге байланыштуу кандай мыйзамдар кабыл алынып, кандай мыйзам дол-боорлору демилгеленип жатканы боюнча да талкуу болмок. Тилекке каршы, спикерибиз ооруп калганына байланыштуу ушул темада панелдик талкуу жүргүздүк. Ал жерде да журналисттердин укуктук маселелери, ЖМКлар жөнүндө мыйзамдар боюнча кеп-кеңештер айтылды. Буюрса, кийинки форумдарда ушул багытта да иш жүргүзөлү деген планыбыз бар. Бул маселе жеке эле борбордогу журналисттерге эле эмес, өлкөдөгү бардык журналисттерге тиешелүү болгондуктан бардык кесиптештер кийинки форумдарга, талкууларга, иш-чараларга активдүү катышат деген ниеттемин.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”