Быйыл жайкысын жеңил унаалар азайып, окуучулар, студенттердин көбү эс алууга кеткени менен жолдордун оңдолушу шаардыктарды бир топ бушайман кылды. Ошол мезгилде эле айрым транспорт боюнча эксперттер, жол адистери күзүндө Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөй болорун божомолдоп жатышкан. Жаңы окуу жылы башталганы шаар ичинде жол тыгыны көбөйүп, мэрияга, Транспорт департаментине болгон нааразычылыктар күчөдү.
Ак үйдү коюп, аң-сезимди оңдойлу
Айрым шаардыктар “Жол тыгынында төрөлгөм, жол тыгыны менен жашап, жол тыгыны менен өлөт окшойм” деп тамаша кылышкандай, бул көйгөй быйыл эле чыга калган жок. Чын-чынына келгенде бул маселе Кыргызстанда ички миг-рация күч алганда эле жаралган. Жумушсуздуктан улам алыскы региондордон борбор калаага карай агым күчөп отуруп, саналуу жылдарда Бишкектин айланасында 50гө жакын жаңы конуштар пайда болуп, шаар калкы 1 миллиондон ашканын жакшы билебиз. Учурдагы жол тыгынынын негизги себептеринин бири да ушул. Себеби, Бишкектин жолдорунун көбү миллиондон ашык элге жана 3500 миңдей жеңил унаага ылайыкталган эмес. Муну мисал кылганыбыздын себеби, Улуттук статистика комитети былтыр Бишкекте 317 288 жеңил автоунаа бар экенин маалымдаса, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев быйыл Бишкекте 416 837 автоунаа катталганын, тыштан келгендер менен 600 миңдей унаа болорун билдирди. Өкүнүчтүүсү, бул боюнча радио, телевидениеден, социалдык тармактардан жеткиликтүү маалыматтык кампания жүргүзүлбөгөндүктөн шаардыктар жол тыгынына мэрияны, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды күнөөлөп келишет. Албетте, буга чейин жолдорду кеңейтип, транспорт агымын белгилүү бир системага сала албаган шаар бийлигинде, шаарды өнүктүрүү программасын сунуштай албаган экс-мэрлерде да айып бар.
Балким, шаар бийлиги бул маселени мурдатан колго алганда мындай жол тыгындары аз болмоктур. Бирок, жол тыгынынын көп болушуна негизинен катардагы карапайым адамдардын “салымы” чоң экенин жогорку цифралар айтып турат. Азыр шаар ичиндеги жеңил автоунаалардын көбүндө бир же эки адам гана отуруп бара жатканын көрүүгө болот. Алардын дээрлик бардыгы коомдук транспорт менен жүрө ала турган куландан соо адамдар. Колдорунда ыйңгайсыздык жарата турган габариттүү жүк да жок. Болгону алар жеке комфортко абдан көнүп алышкан. Ошондуктан көп жылдан бери шаарда жашап, иштегендер жол тыгынынын себебин алгач өзүбүздөн издөөбүз керек.
Элге жакпаган “эксперимент”
Шаардыктардын арыз-муңунун негизинде жаманбы, жакшыбы бир топ жыл элге кызмат кылып берген микроавтобустар акыры жолдон алынды. Микроавтобустар толук жоюлуп, ири габариттүү автобустар, троллейбустар киргизилет дегенде шаардыктар чынында абдан кубанышкан. 25 жылдай микроавтобустарда тыгылган элде эми кенен отуруп, жол тыгыны жок каттап калабыз деген жакшы ой пайда болгон. Буга элди мэрлер да бекем ишендиришкен эле. Тилекке каршы, линиядан троллейбустар, микроавтобустар алынганы менен коомдук транспорт көйгөйү жакшырып кеткен жок. Ушул тапта карапайым адамдар гана эмес мамлекеттик кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары да сааттап жол тыгынына туш болуп, айлалары кетип турат. Эмне кыларын билбеген шаар бийлиги студенттердин окуусун 10.00гө, шаар ичиндеги мектеп сабактарын 7.30га жылдырды. Өкүнүчкө карай мындан эч нерсе өзгөргөн жок. Тескерисинче, бул тартиптен өздөрү жаңы конуштарда жашап, балдары шаардык мектептерде, ЖОЖдордо окуган үй-бүлөлөр кыйналышууда. Себеби, 7.30га сабакка үлгүрүш үчүн окуучу бери болгондо 5.30да туруп камына башташы керек. А студенттер 10.00дө окуп башташса акыркы лекциялары кечки саат 21.00гө чейин барат. Мындай окуу режими студенттерге да жакпай турат. ЖОЖ мугалимдери да буга каршы болушуп, бул режим өзүнүн окуу акысын өзү иштеп тапкан студенттерге ылайыксыз экенин билдиришти. Демек, бул ЖК депутаты Дастан Бекешов айткандай, “ийгиликсиз эсперимент” болду.
Чечкиндүү кадамсыз маселе чечилбейт
Эксперимент демекчи, мэрия июль айында “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” жана “КРнын укук бузуулар жөнүндө” Кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Ал мыйзам долбоору кабыл алынып калса номери 1,2 цифрасы менен аяктаган автоунаалар дүйшөмбү күнү, 3,4 менен аяктагандар шешембиде, 5,6 саны менен аяктаган унаалар шаршембиде, 7,8 сандары менен аяктагандар бейшемби жана 9,0 саны менен аяктаган номерлүү унаалар жума күнү республикалык маанидеги шаарларга жүрбөй калмак. Ошондой эле чиновниктер шаарга сырттан келген темир тулпарларды киргизбөө демилгесин көтөрүшкөн. Бирок, кыргызстандыктарга мындай эреже таптакыр жакпай, андай учурда шаардын бир башынан экинчи башына жетүү кыйындайт деген пикирлер айтылды. Жол тыгынын азайтыш үчүн мындай тартипти киргизүү учур талабы болуп турат. Бирок, “ашыкча демократиячыл”, “эркин” кыргызстандыктар муну оңой менен кабыл албайт. Ал үчүн атайын мыйзам кабыл алынып, тиешелүү айыптар чегерилип, ЖК депутаты Исхак Масалиев айткандай, коомдук транспортто жүрүү ыңгайлуу, жеңил болуусу керек.
Эске салсак сентябрь айынын башында Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы медицина кызматкерлерине жумушка коомдук транспорт менен барууну сунуштаган. Буга Көз карандысыз медициналык профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова реакция кылып, “Муниципалдык транспортто бут коёрго жер жок тыгылыш болсо дарыгерлер кантип ишине өз убагында бара алышат?” деген суроону койду. Чынында, экс-мэр Эмилбек Абдыкадыров убада кылгандай, коомдук транспортто жүрүү ыңгайлуу, жеңил болсо дарыгерлер эле эмес, башка тармактагылар деле ошону менен каттап калмак. Себеби, 40 сом менен жетүүчү жерге азыр 300-400 сомго май куюп барып келип жаткандар абдан көп. Эгер автобустар шаардын бир бурчунан экинчи бир точкасына максимум 30 мүнөттө жете турган болсо, ичинде тыгылыш болбосо жеңил унаа айдагандардын көбү коомдук транспортко өтмөк. Муну ишке ашырыш үчүн албетте, алгач жеңил унааларга убактылуу чектөө киргизип, автобустарды көбөйтүп көрүү керек. Ошондо гана шаар калкына көп нерсе түшүнүктүү жана жеткиликтүү болмок.
Төрөдөй жашагың келсе, төлө
Быйыл мэрия өлкө башчысы Садыр Жапаровго атайын жарлык менен пилоттук режимде муниципалитетке унаа токтотуучу жайларды тартипке салуу укугун берүү сунушун билдирген. Мэрия мындай сунуш менен чыгууга Бишкекте унаа токтотуучу жайлардын натыйжалуу системасынын жоктугу жана жол жээгинде иретсиз токтотулган автоунаалар жол тыгындарын пайда кылып жатканы себепкер экенин билдирген. Ошого байланыштуу мэрия токтотуучу жайларга сааттык төлөм киргизип, биринчи саатка 25 сом, кийинки сааттарга 40 сомдон 100 сомго чейин төлөм жүргүзүүнү демилгелеген. Ошону менен бирге эле мэрия көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар качан курулуп баштарын маалымдаган эмес. Экономикалык каатчылык күч алып, салык, коммуналдык кызмат акылары, электр энергиясы, сууга болгон төлөмдөр жогорулап жатканда бул, албетте, элге оор тиет. Бирок, үстүндөгү үйүн оңдой албай туруп, бир эмес эки-үч автоунаа айдап, каалаган жерге унаа-сын таштап баса бергендерге мындай чара колдонбосо да болбойт. Себеби, азырынча элди жеке машинаны азыраак айдоого чакыруунун башка жолу жок. Таң калычтуусу, жумушсуздук бизде күч алды, жашоо кыйындады, автоунаалар кымбаттады дегенибиз менен жыл сайын Кыргызстанга миңдеген темир тулпарлар кирип, кымбаттыгына карабай сатып алгандардын саны арбып барат. Ошол эле кезде күйүүчү май да бизде арзан эмес. Бул жагын эске алсак, токтотуучу жайларды акылуу кылуу жүйөлүү. Себеби, ким жол тыгынын эске албай жеке комфортто жүргүсү келсе, ошого жараша да акча төлөсүн. Өнүккөн өлкөлөрдүн бардыгында азыр ушндай принцип, мыйзам иштейт.
Мэр алмаштыруудан эч нерсе өзгөрбөйт
Эске слсак, өткөн жылдын ноябрь айында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, мэр Айбек Жунушалиевге 2024-жылдын I кварталына чейин жол тыгыны маселесин чече албаса кызматынан кетерин айткан. Минтип жылдын III кварталына аяк басып, жол тыгыны жеңилдебей турат. Балким, кайсы бир убакытта мэр алмашар, бирок, аны менен эле бул көйгөй чечилип кетпейт. Анткени, жол тыгынын бир эле мэр өзү чечип коё албайт. Буга чейинки далай мэр убада кылып, бирок, шаарды тартипке сала алган эмес. Андыктан жеке айдоо-чулар үчүн мыйзамдарды күчөтүп, Кытай мамлекетиндегидей жол төлөмдөрүн киргизүү учур талабы болуп турат. Андай болгондо ага каршы чыккандар да миңдеп чыгат. Бирок, жалпы элдин, шаардыктардын кызыкчылыгы үчүн катаал башкаруу, темирдей тартип, чечкиндүү кадам да керек.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”