whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
18.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларСаясат жана коомАлдыда шайлоо: даярдык, саясий кырдаал кандай?

Алдыда шайлоо: даярдык, саясий кырдаал кандай?

Ошентип Президенттин жарлыгы менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-ноябрга белгиленди. БШКнын маалыматы боюнча, бул жолу 231 айылдык жана 33 шаардык кеңешке эл өкүлдөрү шайланат. 17-сентябрда шайлоо кампанияларын баштоо старт алды. Буга чейинки шайлоолордон айырмаланып бул жолку шайлоо өнөктүгү кандай болот деген суроого жооп издеп көрдүк.

Эми сатылуу да, сатып алуу да болбойт

Буга чейинки Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоолордо добуштарды сатуу, сатып алуу, бийликчил партиялардын административдик рычагдарды колдонуулары боло берип элдин шайлоодон көңүлү кайтып калганы баарыбызга маалым. Буга чейинки президент Сооронбай Жээнбековдун бийликтен кетип, азыркы бийликтин орношуна да парламенттик шайлоодогу алешемдиктер, мыйзам бузуулар, добуш сатып алуулар себепкер болгонун да жакшы билебиз. Ага чейинки парламенттик, жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда да бийликчил партиялар утуп чыгып, чыныгы эл үчүн иштейм деген талапкерлер, саясий күчтөр четке сүрүлүп келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Айрым “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” экс-депутаттар, талапкерлер мындай мыйзамсыздыкты өз пайдасына колдонуп, партиядан партияга секире качып парламентке, жергиликтүү кеңештерге депутат болуусу өнөкөт адатка айланганын да көрүп келдик. Кээ бир эпчил талапкерлер бийликчил партиянын колтугуна кире  калып улам бир чакырылышта депутат болуп келе жатканын да коомчулук жакшы билет. Ушунун баарын эске алып, экинчиден, 2021-жылкы парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясын жамынып өз кызыкчылыгын ишке ашыргандар болгондуктан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул жолу аталган партия шайлоого катышпастыгын билдирди. Буга улай ал мурдагыдай мамлекет бир да партияга же кандидатка жан тартпай тургандыгын жана башка мамлекеттик кызматкерлердин да жардам берүүсүнө жол берилбей турганын маалымдады. Жана ошондой эле ал партиянын тарапташтарына, мүчөлөрүнө башка партиялар менен шайлоого аттана берүүсүнө болорун ачыктап, бул жолу шайлоодо добуш саткандар да, сатып алгандар да жоопко тартыларын эскертти. Бул билдирүү эл ичиндеги “Баары бир бийликчил партия, кандидат жеңет да” деген стереотипти жокко чыгарып, арсар болуп турган талапкерлерге, саясий күчтөргө кеңири жол ачкандай болду. Андыктан бул жолку ат салышуу элим, жерим үчүн кызмат кылам дегендер үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Шайлоо таптакыр башкача болот

Шайлоочулардын саны тууралуу кеп кыла турган болсок, Кыргызстанда жалпы 4 миллиондун тегерегинде шайлоочу бар. Анын ичинен 1 млн. 700 миң шайлоочу 18 жаштан 35 жашка чейинкилер. Сырткы, ички миграциядан жана талапкерлерге болгон ишенбөөчүлүктөн улам көпчүлүк шайлоолорго элдин көбүнүн катышпай калуусу шайлоонун негизги маселелеринин бири. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаевдин ЖМКларга берген маалыматы боюнча акыркы шайлоолорго жаштардын 200 миңдейи, ал эми Ош, Бишкек шаарынын тургундарынын 18 пайызы гана катышкан. Ошол себептен БШК бул жолу шайлоо боюнча маалыматтык кампанияны кеңири жайылтып, элге кезектеги шайлоонун өзгөчөлүгү, артыкчылыктары тууралуу түшүнүк берүүнү колго алганын билдирди. Анын айтымында, бул шайлоо өнөктүгүндө айылдык кеңешке талапкер болгон жаран мурдагыдай 1000 сомдук күрөө койбойт. Шаардык кеңешке өтүү үчүн босого баллы 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлгөн. Мурда Бишкек, Ошто 45тен депутаттык мандат болгон болсо, эми эки шаардан 51ден депутат шайланат. Жалал-Абад, Караколдон буга чейин 31ден депутат болгон болсо, эми 41ден депутат жергиликтүү кеңешке шайланып келет. Шайлоонун дагы бир артыкчылыгы бюллетендер мурдагыдай “Учкун” басмаканасынан басылып чыкпай, ар бир шайлоо округундагы принтерлерден чыгарылат. Тактап айтканда, биометрикалык текшерүүдөн өткөн сайын ар бир шайлоочуга бирден бюллетен чыгарылып турат. Натыйжада канча шайлоочу келсе ошончо бюллетен гана чыгарылып, добуштарды жасалма көбөйтүүгө жол берилбесин айтат У.Жылкыбаев.

Шайлоо шааниси – шайлоочудан

Буга чейин шайлоо мыйзамы боюнча талапкерлер өз чөнтөгүнөн каржылоо менен шайлоочуларга ар кандай оюн-зоокторду, концерттерди уюштуруп бере алчу. Азыр андай иш-чаралар шайлоо фондунун эсебинен өткөрүлүшү керек. Экинчиден, буга чейинки шайлоолордун алдында акча таратылып, кандайдыр бир белектер да берилип келгендиктен элдин кандайдыр бир пайызы ошого карап шайлоого катышчу. Азыр андай кылууга бөгөт коюлгандыктан элдин шайлоолорго кызыкчылыгы басаңдаганын БШК мүчөлөрү өздөрү моюндашууда. Ошол эле мезгилде талапкерлердин, саясий партиялардын эл алдындагы убадаларын аткарбагандыгынын кесепетинен да акыркы жылдарда кыргызстандыктар шайлоого кош көңүл карап калышты. Натыйжада бүгүнкү күндө элди шайлоолорго кантип активдүү катыштыруу керек деген маселе бар. Айрым саясатчылар шайлоого барууну конституциялык укук эмес, милдет кылышыбыз керек дешсе, кээ бирөөлөрү, тескерисинче, элдин шайлоого келүүсүнө кызыктыруу үчүн жарандарга кандайдыр бир стимул беришибиз керек деген пикирди айтышууда. Ошол эле кезде эс алуу күндөрү жарандар той-аш, сапарга чыгуу, соода-сатык менен алек болушуп шайлоого активдүү катышпай калып жаткандыктан добуш берүү күнүн шаршембиге жылдыруу керек деген пикирлер бар. Мындай демилгени көтөрүп жаткан ЖКнын экс-депутаты Мирлан Жээнчороевдин айтымында, мамлекет шайлоо коюлган иш күндү эс алуу күнү кылса добуш берүүчүлөрдүн саны өсмөк. “Жарандарга ал күнү жумуш болбой турганы айтылып, ошол эле кезде ишке чыкпагандардын баары добуш берүүгө милдеттүү экени эскертилиши керек. Ошондо элдин канча бир пайызы добуш берүүгө барат”, – дейт ал. Албетте, бул сунуш азырынча бийлик тарабынан кандай кабылданары али белгисиз. Бирок, муну БШК эске алып, тажрыйбалап көрсө болот.

Мыйзам боюнча бизде шайлоого барууга мыйзам милдеттендирбейт. Ал эми айрым өлкөлөрдө добуш берүүгө катышпагандарга айып пул салынат экен. Мындай тартипти колдонуу бизде оң эмес, тескери, натыйжа да берип калышы ыктымал.

Эмнени эске алышыбыз керек?

БШКнын берген маалыматтары боюнча шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 23-сентябрга чейин мамлекеттик www.tizme.gov.kg порталына коюлат. Добуш берүүчүлөр шайлоого чейин 1255 же 119 номерине байланышуу менен, же жогорудагы порталдан өзүнүн аты-жөнүн карап шайлоо тизмесине кирген-кирбегенин тактап алышса болот. Ошондой эле  аны шайлоо участогунан тактоого да мүмкүнчүлүк бар жана 119 номерине өзүнүн паспорттогу персоналдык идентификациялык номерин SMS кылып жөнөтүү менен шайлоочу өзүнүн шайлоо участогунун номери менен дарегин биле алат. Эгер тизме боюнча кандайдыр бир маселе жаралса, шайлоочу 1-ноябрга чейин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына кайрылса болот. Шайлоо тизмесине кирбей калган адамдар шайлоого катыша алышпайт.

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 18-октябрга чейин болсо, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 28-октябрда токтойт. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүт кампаниясы 18-октябрда башталып 16-ноябрда бүтсө, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун үгүттөө иштери 28-октябрда башталып, 16-ноябрда бүтөт.

БШКнын маалыматына таянсак, шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо пропорционалдык система (партиялык тизме) менен, айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо мажоритардык система менен өткөрүлөт.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоодо эске алуучу эң маанилүү жагдай, кайсы бир партияга же талапкерге берилген добуштар шайлоо мыйзамынын бузулгандыгына байланыштуу жараксыз деп табылса, ал партия же талапкер кийинки шайлоолорго катыша албайт. Мындай учурда партия койгон шайлоо күрөөсү да кайтарылбайт. Мындан сырткары санариптештирүүгө байланыштуу талапкерлер, шайлоочуларды каттоо электрондук документтерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн жана талапкерлер тууралуу бардык маалыматтар БШКга электрондук түрдө тапшырылат. Ошону менен бирге эле талапкерлердин мурда соттолгон, соттолбогону ведомстволор аралык электрондук өз ара кызматташуу системасы аркылуу текшерилет. Демек, бул жолку шайлоодо шайлоочу да, талапкер да мурдагыдай көз боёмочулук кыла албайт.

Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар