Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын утурлай Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси белгиленди. Аталган мааракени жана эгемендүүлүк майрамын утурлай, район аймагында эки көмүр кени жана бир мектеп ишке берилди. Мындан сырткары, бир жыл аралыгында район аймагында өнөр жай жана кызмат көрсөтүү багытында 20га чукул ишканалар ачылып, 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында 150 орундуу Жусуп Турусбеков атындагы орто мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилсе, Жаңы-Жер айылында 500 орундуу типтүү орто мектептин курулушу жүрүп жатат. Ошону менен катар облуска берилген өзгөчө макамдын негизинде өнүктүрүү программасынын алкагында бөлүнгөн 500 млн. сомдун эсебинен Баткен районуна 120 млн. сом бөлүнүп, 9 ири долбоор ишке ашырылып, буга чейин чечилбей келген социалдык көйгөйлөр четинен чечиле баштады.
Ушул жана башка саамалыктар тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек ЖОРОБАЕВ менен баарлаштык.
– Учкунбек Имамалиевич, алгач райондун 90 жылдык мааракеси менен куттуктайбыз! Аны кандай саамалыктар менен тостуңуздар? Кепти ушундан баштасак…
– Рахмат. Быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгын белгилөө менен кошо биз Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракелерин чогуу салтанаттуу белгиледик.
Өзүңүздөргө маалым болгондой, Баткен району 1934-жылы түзүлгөн. Быйыл 90 жылдыкты утурлай жыл башынан бери иш чаралар мерчемин бекитип, «90 жылдыкка 90 иш чара» кабыл алганбыз. Анын алкагында район аймагында бир катар социалдык, маданий, спорттук иш чаралар өткөрүлдү.
Ошону менен катар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объект куруунун алкагында 90 жылдык мааракени утурлай Баткен районунун аймагында 3 чоң объект ачууга жетиштик. Алар: Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Ормузан» көмүр кени, «Дөгмөн» көмүр кени жана 1 заманбап 150 орундуу мектептин ачылышы. Бул ачылыштар 30-август күнү Президентибиз Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн форматта өткөрүлдү.
Бир жыл аралыгында район аймагында өнөр жай жана кызмат көрсөтүү багытында 20га чукул ишкана ачылып, 100гө жакын жумуш орду түзүлгөн.
Ошондой эле, алыскы тоо арасындагы айылдарга көз карандысыз жолдор курулду. Буга чейин чыр-чатактын чордону болуп келген Чарбак, Согмент, Өзбекстандын Хушьяр айылдарындагы чек арага байланышкан көйгөйлөр биротоло чечилип, коңшу өлкөнүн тургундары менен достук, биримдик, тилектештик кайрадан мурдагы ата-бабалардын салты менен уланууда. Өзбекстан менен болгон чек ара тилкелери чечилгенден кийин карым-катнаштар облустук, райондук деңгээлдерде байма-бай уюштурулуп, биргелешкен ишканалар да курула баштады.
Ал эми облуска берилген өзгөчө макамдан кийин, Баткен району дагы да өнүгүүгө карай өр алды. 2023-жылы өнүктүрүү программасынын алкагында облуска бөлүнгөн 500 млн. сомдун эсебинен районго 120 млн. сом каражат берилип, 4 ири долбоорду ишке ашырып жатабыз. Жогорудагы саамалыктарды эске алсак, район өнүгүүнүн жаңы этабына өттү десек болот.
– Жакшы саамалыктар экен. Бөлүнгөн бул каражатка кандай жумуштар жасалып жатат?
– Бул каражатка буга чейин чечилбей келе жаткан калктын социалдык көйгөйлөрү четинен чечиле баштады. Чек арадагы Самаркандек, Ак-Сай, Суу-Башы, Ак-Татыр, Кыштут, Кара-Бак айыл аймактарынын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу максатында тигүү цехтери ачылды.
Мындан тышкары мектептер, ФАП жана балдар бакчалары курулду. Суу көйгөйлөрү чечилип, Кара-Булак, Ак-Сай, Кара-Бак, Ак-Татыр, Самаркандек айылдарына калкты сугат жана таза суу менен камсыздоо максатында жалпысынан 15 тике суу кудуктары казылды.
90 жылдыктын урматына район аймагында бир катар жаңы ишканалар ачылып, жумушчу орундары түзүлүүдө. Алсак, Дара айыл аймагында муниципалдык вакуумдук муздаткычы бар кампа курулууда. Аталган аймакта Чек айылында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп, айыл өкмөтүнүн кирешесин арттырууда. Жаңы-Жер айылында окуу борбору пайдаланууга берилсе, ошого удаа эле 500 орундуу типтүү мектеп курулуп жатат.
Ал эми Кара-Булак айыл аймагындагы Бужум айылында мектеп, бала бакча, кондитердик цехти камтыган чоң социалдык комплекс жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Ушундай эле комплекс Бужум айылынын Туура-Таш жерлигинде курулуп жатса, буга чейин Төрт-Гүл айыл аймагындагы Чоң-Кара айылында курулуп пайдаланууга берилген. Ак-Сай айыл өкмөтүндө кыргыз килемин өнүктүрүү максатында экологиялык жактан таза, сапаттуу килем токуу цехи ачылган. Учурда бул жерде 28 кыз-келин жумуш орду менен камсыз болгон. Цехке сырьё да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. “Кыргыз килеми” ишканасы өнөктөш катары ишкананын чеберлерин, айылдагы кыз-келиндерди килем токуу боюнча окутуудан өткөрүшкөн. Буюрса, бул цехтен нукура килемдер токулуп, чет өлкөлөргө сатылат.
Баткен облусун 2021-2035-жылдарга өнүктүрүү программасынын Жол картасындагы инвестициялык долбоорлордун алкагында, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагына мөмө-жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу иштери башталып, бүгүнкү күндө курулуш иштери 80%га аткарылган. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында жеке ишкерлер тарабынан мөмө-жемиштерди тоңдуруп сактоочу кампа курулуп, пайдаланууга берилсе, логистикалык борбор курулуп, керектүү шаймандар алынып, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата ачылуусу күтүлүүдө.
Негизинен райондун 90 жылдык мааракесин жакшы ийгиликтер жана жакшы маанай менен тосуп жатабыз. Кудай буюрса, ушул саамалыктарды, ачылыштарды мындан ары да уланта беребиз демекчимин.
– Учкунбек Имамалиевич, райондун социалдык тармагындагы жаңылыктардан айта кетсеңиз?
– Акыркы жылдары мамлекет тарабынан калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн чоң күч-аракет жумшалып жатат. Район аймагында да бул тармакка көңүл бурулуп, жер-жерлерде фельдшердик-акушердик пункттар курулуп, ооруканалар оңдолуп жатат. Ошондой эле медицина мекемелеринин материалдык-техникалык базасы заманбап жабдуулар менен чыңдалып, жаңы тез жардам унаалары менен толукталууда.
Самаркандек айылында Жалпы дарыгердик практика борборунун, Достук, Капчыгай, Көк-Таш, Кыштут айылдарында ФАП, Чек, Чоң-Кара айылдарына ҮДТнын жаңы имараттары курулуп, ишке берилди.
Билим берүү тармагында да бараандуу иштер болууда. Акыркы 3 жыл аралыгында район аймагында 13 мектеп, 9 бала бакча ачылган. 90 жылдыкты утурлай Кайыңды айы-лындагы 150 орундуу типтүү мектеп ачылса, жыл аягына чейин Таян айылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилүү алдында турат. Мындан сырткары «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында район аймагында 5 үй тибиндеги бала бакча ачылып, 122 бала бакчага тартылган.
Жаңы-Жер айылында спорттук зал ачылды. Бужум, Жаңы-Жер, Кызыл-Бел, Көк-Таш айылдарында жаш жеткинчектер үчүн балдар ойноочу аянтчалар, Ак-Татыр айылында балдар эс алуучу сейил бак жана ойноо аянтчасы пайдаланууга берилди.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маданият тармагына көңүл бурулуп, каражаттар бөлүнүп, материалдык-техникалык базалары чыңдалып келет. Ал эми Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында китепкана ачылып, ишке берилди. Кыштут айыл өкмөтүнүн Сай айылында 105 орундуу маданият үйү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
– Баткен району акыркы жылдары катары менен чек ара жаңжалдарын башынан өткөрбөдүңүздөрбү. Калыбына келтирүү иштери тууралуу да кыскача токтоло кетсеңиз?
– Ооба, район оор кырдаалдарды башынан кечирди. 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңын да башынан кечирген баатыр, сабырдуу жана эмгекчил эл өзүнүн меймандостугу менен дагы белгилүү. Андан кийинки 2020-2021-жылдардагы чек ара жаңжалдарында Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр, Кара-Бак айыл аймактарынын калкы кыйын кырдаалдагы оор сыноодон татыктуу өттү. Чек ара жаңжалдарында кыйроого учураган Капчыгай, Достук, Ак-Сай айылдары мамлекеттин колдоосу менен кайрадан курулуп, жаңыланып, шаарчага айланды.
Бүгүнкү күндө аталган аймактарда жай турмуш уланууда. Калктын социалдык жана башка көйгөйлөрүн чечүү максатында ар тараптуу жумуштар жасалып, жаңы ишканаларды ачуу, жумуш орундарын түзүүнү колго алып жатабыз.
– Баткен агрардык аймак эмеспи. Айыл чарбасын алга жылдырууда кандай жылыштар бар?
– Албетте, айыл чарбасы биздин аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты. Ошондуктан бул багытта заман агымынан артта калбай аракеттенип келебиз. Мол түшүм алуу үчүн суу таңкыстыгынын алдын алуу, айыл чарба продукцияларынын сапатына, көлөмүнө көңүл буруу зарыл.
Бул багытта Дара айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Жер айылындагы кулпунай өстүргөн кооперативдин ишмердүүлүгүн белгилеп кетким келет. Аталган “Клуб малина” айыл чарба кооперативине учурда 28 адам мүчө. Алар дүйнөлүк рынок талап кылган сапатка жана чоң көлөмгө жетүү, экспортко чыгуу максатында биригишкен. Натыйжада 10 гектар жерге тамчылатып сугаруу ыкмасы менен кулпунай өстүрүшкөн. Үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо үчүн суу сактагыч курушкан. Быйыл алгачкы түшүмүн алып, жакшы кирешеге чыгышты. Алдыда кулпунай талаасын 30 гектарга чейин кеңейтүү жана кулпунайды кыш мезгилинде да өстүрүү үчүн күнөскана курууну пландап жатышат.
Мындан сырткары, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында “Алыш-Дан Органик” жана “Алтын Аймак” айыл чарба кооперативдери өздөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө. “Алыш-Дан Органик” өрүтү органикалык жол менен өндүрүп, эл аралык сертификат алуу менен Германияда, Түштүк Кореяда, Индияда жана Японияда өткөн эл аралык көргөзмөлөргө Кыргызстандын атынан катышып келүүдө. Учурда райондо органикалык өндүрүштү колго алып, жайылтып жаткан жалгыз кооператив. Ал 63 үй-бүлөлүк чарбалардын башын бириктирген. Бүгүнкү күндө өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор куруп, Баткен өрүгүн калдыксыз өндүрүүгө жетишти.
Ал эми «Алтын аймак» ЖЧКсы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө багытталган. Бүгүнкү күндө ХАСПП талабына ылайык кургатылган айыл чарба продукцияларын экспорттоо максатында иш алып барууда. Ал чийки айыл чарба продукцияларын күндүн энергиясын пайдалануу менен тез жана сапаттуу кургатуу жумуштарын аткарат. Чийки продукцияны кабыл алуу менен сорттоп жана тазалап, кайра иштетет. Ишкана 40-50 жумушчуну иш орду менен камсыз кылып келет.
Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулган. Аталган жер аянтынын ичинен 42 863,9 чарчы метрине тийиштүү кагаздар, корутундулар жасалып, жашылдандыруу максатында 10 га жер аянтында район боюнча жалпы ишембилик уюштурулуп, 4000 даана алма, гилас жана ит мурун көчөттөрү отургузулду.
– Бир мезгилде Теке-Секирик долбоору боюнча сөз болгон эле. Бул багытта аракеттер барбы?
– Ооба. Учурда Баткен районунда Теке-Секирик долбоорун ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Ал үчүн бизге Экономика министрлигинин алдындагы аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун өкүлү М.Маматов жетектеген жумушчу топ келишти. Мен алар менен жолугуп, аталган долбоордун турмушка ашышына жергиликтүү бийлик кызыкдар экендигин, долбоордун ийгиликтүү ишке ашышына ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүмдү айттым. Алар талаа шартында алдын ала изилдөө жумуштарын аткарышып, долбоорлоо жумуштарына каражаттар каралгандан кийин, жумуш баштала тургандыгын билдиришкен.
Теке-Секирик узак мөөнөттүү долбоору райондо пилоттук негизде башталды. Ал ишке ашырылса, Баткен районунда 70 000 га, Кадамжай районунда 50 000 га дың жерлер өздөштүрүлүп, сугат жерлер пайда болуп, орто кубаттуу ГЭС курулат. Миңдеген жумуш орундары түзүлүп, ички жана тышкы миграция азайып, элдин жашоо-турмушу оңолот. Ошону менен катар облустун жана мамлекеттин экономикалык өсүшүнө да чоң жол ачылат.
– Туризм тармагын өнүктүрүүгө кандай көңүл бурулуп жатат?
– Бул тармакта да жакшы жылыштар бар. Ички жана тышкы туристтерди тартуу, туристтерге, жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү жана туристтер тарабынан өрүк гүлүн, райондун кооз аймагын кароо максатында Кара-Бак айыл аймагында бийиктен кароо аянтчаларын куруу боюнча эскиздик долбоорлор сунушталып, алгачкыларында курулуш иштери жүрүүдө.
Акыркы мезгилде Мадыген геопаркы көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Ошондуктан аймактын инфратүзүмүн чыңдоо аракеттери көрүлүүдө. Бүгүнкү күндө Глобалдык Экологиялык Фонд менен жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында беш байкоо аянтчасы курулду.
Негизинен Баткен өрөөнүндө Кудаярхандын чеби, Кан-и-Гут үңкүрү, Кара-Булак көрүстөнү, Геревшин сыяктуу тарыхый эстеликтерге бай жайлар көп. Кооз, абасы таза алтын-бешик аймагыбыз дүйнөлүк туристтерди өзүнө тартып тургандыктан, туризмди өнүктүрүүгө өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.
– Быйылкы жылы аймакта түшүм кандай болду?
– Өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк жогору болду. Район аймагында кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери толук аяктады. Жалпы 3134 га аянттан түшүм жыйналып алынды. Орточо түшүмдүүлүк гектарына 12 центнерди түзүп, дүң жыйым 3743 тонна болду. Аба ырайы жаанчыл болгондуктан сугат суудан көйгөй болгон жок.
Гүлчехра Тажибаева, “Кыргыз Туусу”