Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров “Кыргыз Туусунда” да өз изин калтырып кеткен инсандарыбыздын бири. 26-сентябрда маркумдун “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү жасатына, анын эстелиги тургузулду.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, белгилүү акын-жазуучулар Нурпаис Жаркынбай, Байас Турал, Атантай Акбаров, Кожогелди Култегин, Асан Жакшылыков, Жедигер Саалаев, Бактыгүл Чотурова, ошондой эле үй-бүлөсү, жакындары жана достору катышты.
“Бүгүн биз белгилүү прозаик, котормочу, басма сөз тармагында көп жыл кызмат кылган, кыргыз адабиятынын залкарларынын бири Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакировдун эстелигин ачып жатабыз. Мелис ага чыгармачыл гана инсан эмес, ички дүйнөсү таза, адамдын кемчилигин бетке айткан, адабиятта дагы, турмушта дагы жасалмачылык, эскичилик менен күрөшкөн киши болгон. Ал адабиятты терең талдоочу жана баалоочу аналитик, чыныгы интеллектуал эле. Бүгүн замандаштары бейитинин башында эскерип турабыз. Агайдын элеси түбөлүк унутулбайт”, – деди министрдин кеңешчиси.
Чыгармачылыктагы калемдештери дагы сөз сүйлөп, Мелис Абакировдун кыргыз адабиятындагы орду өзгөчө экендигин билдиришти.
Акын, жазуучу, драматург жана котормочу Асан Жакшылыков өз сөзүндө Мелис Абакиров журналист катары “Эмгекчил”, “Ленинчил жаш”, “Советтик Кыргызстан” (“Кыргыз Туусу”) гезиттеринде адабий кызматкерден жооптуу катчынын орун басары кызматына чейин аркалаганын айтты.
“Ал гезитте өзүн чыныгы адис катары көрсөтө алды. Артынан ондогон журналист шакирттерди тарбиялап чыгарды. Кайсыл жерде иштебесин өз ишин жоопкерчилик менен аткарчу. Чыгармачылыкка дагы өзгөчө жоопкерчилик менен карайт эле, анын жазгандарын баарыбыз бир дем менен окуп чыгат элек”, – деди.
Байас Турал М. Абакировдун улуу кичүү дебей баарына бирдей мамиле кылган жөнөкөй инсан болгонун эскерди.
“Биз чыгармачылыкта кеңеш керек болгондо дароо Мелис байкеге барат элек. Ал биздин сөзүбүздү унчукпай аягына чейин угуп, андан кийин өзүнүн кеңешин айтат болчу. Агабыз журналистикада эле эмес, адабиятта дагы мыкты шакирттерди тарбиялаган”, – деп айтты.
Жазуучунун жубайы Бегимжан Самиева келген конокторго ыраазычылыгын билдирип, жакында М. Абакировдун эскерүү китеби да чыга турганын
маалымдады.
“Келген бардык чыгармачыл инсандарга, өзгөчө досторуна ыраазычылык билдирем. Мелис Абакировдун эскерүү китебин жакында чыгарабыз. Бул жерден айтылбай калган пикирлер ошол китепке жазылат”, – деди.
Соңунда келген коноктор Мелис Абакировдун арбагына багыштап куран
окушту.
Мелис Абакиров 2024-жылдын 29-январында 84 жашында дүйнөдөн өткөн.