Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы административдик жана окуу корпустарынын ачылыш аземине катышты.
2024-жылы 3 кабаттуу, 1500 орундуу, жалпы аянты 4580 чарчы метрлик окуу корпусунун курулушу аяктаган. Мындан тышкары 2080 чарчы метрлик 3 кабаттуу административдик имараттын курулушу аяктады. Жаңы корпустар заманбап компьютердик технологиялар, эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган.
Садыр Жапаров Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун алкагында миллиондогон сомдук долбоорлордун үстүндө иштеп жаткан студенттердин ишмердүүлүгүн жогору баалап, бул, албетте, университеттин келечеги үчүн жаңы перспективаларды ача турганын белгиледи.
“Биздин эң чоң ресурсубуз билимдүү жаштарыбыз менен сабаттуу элибиз болгондуктан, билим берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурабыз жана артыкчылык беребиз. Бүгүн силердин университетиңердеги жаңы окуу корпустары, чынында силер үчүн, силердин сапаттуу билим алышыңар үчүн курулду. Биз тарыхыбызга таазим кылып, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилеп жатабыз. Мына ошондогу мамлекет түптөөчү аталарыбыздын эң негизги максаты — элинин эркиндиги, билимге умтулуу, эли-журтунун кат-сабатын жоюу болгон. Алар чоң-чоң иштерге билимдин аркасынан гана жетүүгө болоорун аңдап-түшүнүшкөн. Биз мына жаңы Кыргызстанды курууга бет алдык”, — деп Мамлекет башчысы жаштарга кайрылды.
Президент сөз сүйлөгөндөн кийин жаңы корпустарды кыдырып, окуу класстарын, спорт жана жыйындар залдарын, ашкананы, лабораториялар жана башка жайларды, анын ичинде робототехника кабинетин көрүп чыкты.
Андан соң Мамлекет башчысы студенттер менен баарлашып, заман агымынан артта калбай, университетте жакшы окуп, андан ары билимди өркүндөтүп, тандаган кесиптин татыктуу адиси болууга умтулуп, жаңы Кыргызстанды курууга жигердүү катышуу керектигине басым жасады.
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик колдоо жана университеттин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууда жана жаңы Кыргызстанды курууга жигердүү катыша турган кадрларды даярдоодо оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.