whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Кочкор-Ата шаарында "Нефтичи" стадионунун ачылышына катышты

Президент Кочкор-Ата шаарында «Нефтичи» стадионунун ачылышына катышты

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында толугу менен реконструкцияланган “Нефтичи” стадионунун ачылышына катышты.

Спорт комплекси “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун балансында турат. Стадиондо профессионалдуу “Нефтичи” футбол командасы, ошондой эле 100дөн ашык жаш футболчу билим алган академия жайгашкан. Мындан тышкары “Нефтчинин” ар кандай курактагы үч балдар командасы бар, алар республиканын футбол чемпионатына үзгүлтүксүз катышып турат.

Стадиондун ачылышында Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” — геологиялык чалгындоо, мунай өнүмдөрүн кайра иштетүү жана сатуу, кен чыккан жерлерге скважиналарды куруу сыяктуу иш-аракеттер комплексин өзүнө камтыган бирден-бир ишкана экенин айтты. Компания Кочкор-Ата шаар калкын ичүүчү суу жана газ менен камсыз кылып, шаардын негизги спорттук стадионун оңдоп, сейил бактарды, башка маданий жана коомдук жайларды көрктөндүрүү иштерине чоң көмөк көрсөтүп келатканын баса белгилей кетти.

Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарларынын биринде “Кыргызнефтегаздын” балансындагы “Нефтичи” стадионун эл аралык стандарттарга шайкеш келтиргиле, деген тапшырмасын эске салды. Себеби 1962-жылы курулган бул стадион эл аралык талаптарга жооп бербей калган эле.

Бүгүнкү заман бизден тынбай изденүүнү, билимди күнүгө байытууну, алдыны көрө билүүнү талап кылууда, мындан улам Садыр Жапаров мунай-газ тармагында эмгектенгендердин баарын жаңыча ой жүгүртүүгө, кесипкөйлүгүн арттырууга чакырды.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында: баарыбыз бир максатты – жаңы Кыргызстанды курууну көздөө менен биргелешип иш алпарсак, элибиздин бакубат турмушун камсыздоо, өлкөбүздүн өндүрүшүн алдыга жылдыруу жаатында ийгиликтерге жетерибизди белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар