whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
28.04.2025
34.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай турууга чакырды

ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барбай турууга чакырды

КР Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израилге, Иранга жана Ливанга барбай турууга чакырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштагы абалды абдан тынчсыздануу менен байкап турат.Чыр-чатакка катышкан бардык тараптарды эл аралык укуктун ченемдерин сактоого, абалды курчута турган аракеттерден карманууга чакырат.

Кыргыз Республикасы согуштук иштерди токтотуп, чыр-чатакты жөнгө салуу жана саясий диалогго келүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнү көздөй тургандыгын билдирет.

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Израилге, Иран Ислам Республикасына жана Ливан Республикасына барбай турууну эскертет. Ошол эле учурда ушу тапта аталган региондордо жүргөн жарандарды жеке коопсуздугун камсыздоого, эл көп чогулган жерлерге барбоого жана өздөрү жүргөн мамлекеттердин талаптарын бекем сактоого чакырат.

Кокус кандайдыр бир маалымат же жардам керек болуп калса, төмөнкү телефондорго байланышууну суранат:

Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги элчилиги: +96525359951;

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчилиги: +905456896800;

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги: +989352505226

КР ТИМ Консулдук департаменти: +996999312002.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар